KELECHEK
rek

“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркында канаттуулардын 111 түрү бар

“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркында канаттуулардын 111 түрү бар

Кыргызстандын жаратылышы өтө кооз келип, негизги биологиялык ар түрдүүлүк аймактары, уникалдуу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү бар.

Алардын арасында  жаңы түзүлгөн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА), ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы жаратылыш объекттерине (Батыш Тянь-Шань) кирген “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө тааныштырууну туура көрдүк.

“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын (МЖП) директору Анарбаев Сталбек Чыныбековичтин беррген маалыматына караганда, аталган жаратылыш паркы - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары катары КР Өкмөтүнүн 26-январь, 2016-жылдын №27-Токтомунун негизинде уюшулган.

“Алатай” МЖПнын негизги максаттары: жаратылышты коргоо жана сактоо, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү уникалдуу жаратылыш коомплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо.

КР өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кеңейтүү.

Жаратылыш парк Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан. Түндүктөн Талас облусу, чыгыштан Чолпон-Ата айыл аймагы, түштүктөн Аксы району жана батыштан Чаткал менен чектешет.

Канаттуулардын 111 түрү катталса, анын ичинен Кыргызстандын Кызыл китебине кирген 13 түрү катталган. Атап айтсак: кара кунак, жыланчы, кидик бүркүт, бүркүт, таз кара, кумай, көк жору, журтчу, ителги, тартар, чоң сары үкү жана ак канаттуу тоңкулдак.

Сүт эмүүчүлөрдүн 30 түрү катталган. Анын ичинен: Кыргызстандын Кызыл китебине кирген 4 түрү бар. Атап айтсак: ак илбирс, сүлөөсүн, күрөң аюу жана суусар.

IUCN Кызыл баракчасына катталган каман, эдик жана тоо эчки бар.

Омурткалуу жаныбарлардан

Жаныбарлардын жалпы 149 түрү аныкталып, анын ичинен 1 түрү жерде-сууда жашоочу, 7 түрү сойлоп жүрүүчүлөр, 111 түрү канаттуулар жана 30 түрү сүт эмүүчүлөр.

Жаратылыш паркы уникалдык жаныбарлар жана өсумдүктөр дүйнөсүн сактагыч өкүлү болот. Алардын ичинен көпчүлүгү жоголуп кетүү коркунучунда турары белгилүү.

“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында КР Улуттук илимдер Академиясы тарабынан 2016-2018-жылдардагы изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында 478 өсүмдүктөрдүн түрү аныкталган.

Алардын ичинен 55 түрү бадал-дарактар, 73 түрү дарылык касиети бар жана 14 түрү сейрек, эндемикалык касиетке ээ өсүмдүктөр.

Өсүмдүктөрдөн Кыргызстандын Кызыл китебине кирген 4 түрү каттлган. Мисалы: Семенов пихтасы, жогору умтулган мандалак, Сиверс алмасы жана Персия четини.

- Сталбек Чыныбекович, жаратылыш паркын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

- Үстүбүздөгү жылы апрель айында “Парктардын жүрүшү” экологиялык акциясы өткөрүлдү. Ал эми 17-апрелде парктын жалпы жамааты Көл участкасына 20 түп туя, 10 түп арча, 5 түп ак кайың көчөттөрүн жашылдандыруу иретинде жана өстүрүү үчүн отургузулду. Ошондой эле, жаңы ыкма менен Семенов пихтанын уругу, туянын жана карагайдын уруктары эгилди.

КР Өкмөтүнүн 2019-23-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасынын аткарылышы боюнча “Алатай” жаратылыш паркы тарабынан аракеттер болуп жатат. “Кыргыз Азия” туристтик компаниясы менен биргеликте 2019-жылы 27-майынан 2-июнга чейинки аралыкта “Алатай” МЖПнын аймагында туристтик каттамды каттоо аныктоо боюнча чалгындоо иштери аткарылды.

“Кыргыз Азия” туристтик компаниясынын президенти М.Кулданбаев Франция мамлекетиндеги өзүнүн туристтик өнөктөштөрүн бул чалгындоого катыштырды. Натыйжада эки чет өлкөлүк өнөктөш келишти. Алар алдын ала макулдашуунун негизинде “Алатай” МЖПнын администрациясынын колдоосунда дайындалган мингич аттар жана коштоочу менен Такталык-Кара-Суу, Кара-Суу-Кичи-Кол, Даван ашуусу маршруттук аттам аркылуу ат менен барып келишти. Келечекте бул каттам боюнча “Ак илбирстин изи менен” аталыштагы туристтик каттамдарды уюштуруу боюнча “Алатай” ЖПКнын администрациясы макулдашуулар жүрүп жатат.

Туристтерди Алатай жана Узун-Акмат өрөөндөрүнө келтирүү максатында кызыктыруу үчүн интернет аркылуу кооз жерлерди чагылдыруу иштери жүрүп жатат. Мисалы, Алатай өрөөнү, Эралгы – Кара-Кыр аркылуу Сары-Челек коругуна туристтик каттам боюнча егер-токойчулар тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаныбарлардын сүрөттөрү егерлердин койгон фото капканына түшкөндөрү.

Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24