KELECHEK
rek

Табият менен таттуу мамиледе бололу!

Табият менен таттуу мамиледе бололу!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясы Нью-Йоркто 2022-жылды - Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялаган.

«Кыргызстан дегенде - асман тиреп, көк мелжиген тоолор, андагы  ак кар, көк муздуу мөңгүлөр, жашыл токойлор, жылга-жылгадан шылдырап агып түшкөн өзөн-суулар элестейт! Моюнга алуу керек, климаттын өзгөрүүсү биздин көз жоосун алган жаратылышыбызга терс таасирин тийгизип, зыянын келтирүүдө», — деп билдирген КР Президенти Садыр Жапаров өткөн жылы 2-ноябрда өз кайрылуусунда билдирген.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 2-ноябрда, Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин талааларында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Facebook» павильонунун аянтчасында түз эфирде кыргызстандыктарга жана аталган ири социалдык түйүндүн колдонуучуларына кайрылуу жасаган.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча жана 93 мүчө-мамлекеттин тең авторлоштугунда 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тийиштүү резолюцияны бир добуштан жактырып, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы” деп жарыялады.

Кабыл алынган документ мүчө-мамлекеттерге, БУУ тутумунун уюмдарына, башка эл аралык уюмдарга жана кызыкдар тараптарга, анын ичинде жарандык коомчулукка, жеке секторго жана илимий-билим берүү чөйрөлөрүнө тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн жана тоо экосистемаларын сактоонун жана туруктуу пайдалануунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында Эл аралык жылды жетиштүү түрдө белгилөөнү сунуштайт.

Эске сала кетсек, 2002-жыл БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык,  «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыяланган. Биринчи Глобалдык тоо саммити Бишкекте өткөн.

Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдөн көбүрөөк жапа чегиши мүмкүн деп саналган өлкөлөрдүн катарына кирет. Анткени өлкөнүн 93 пайызын тоолуу аймактар ээлейт.

Адистердин болжолдоолору боюнча, бул шартта тоо мөңгүлөрүнүн эрүү коркунучу көбүрөөк. Мындай кырдаалда жер кыртышынын эрозиясы күчөп, жер көчкүлөрдү пайда кылат жана жайыттарды жана токой ресурстарын жабыркатат. Айрыкча, өлкөнүн түштүгүндө токойлор аймактагы суу циклин табигый жөнгө салгыч кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу, биринчи кезекте төмөн жаткагы дарыялардын аянттары үчүн токойлордун мааниси абдан зор.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Шаимкулов Шерикбай Абдуллаевич Кыргызстандын негизги биологиялык ар түрдүүлүк аймактары, уникалдуу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү боюнча биздин суроолрго жооп берди.

- Шерикбай Абдуллаевич, Жалал-Абад облусунун аймагында канча жаратылыш коруктары жана парктары жайгашкан?

- КРнын түштүк аймагында тагыраак айтканда Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 4 мамлекеттик жаратылыш коруктары жана 3 мамлекеттик жаратылыш парктары бар. Алар:

  • Чаткал районунда “Беш-Арал” мамлекеттик жаратылыш коругу (МЖК);
  • Аксы районундагы “Сары-Челек” биочөйрөлүк коругу жана “Падыша-Ата”  мамлекеттик жаратылыш коругу;
  • Базар- Коргон районунда “Дашман” мамлекеттик коругу;
  • Тогуз-Торо районундагы “Кан-Ачуу” жана “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш парктары (МЖП);
  • Токтогул районунда “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы.

Аталган экологиялык коруктар мамлекет тарабынан коргоого алынып келет. Анткени бул аймакта мамлекеттин кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, канаттуулардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү байыр алышкан. Андан сырткары ачык асман астындагы таш эстеликтери жайгашкан.

- Жаратылыш коруктары менен парктардын негизги максаттарына токтолсоңуз?

- Мисалга алсак. Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш”  мамлекеттик жаратылыш паркы (МЖП) туралуу кыскача баяндама айтсак. Бул парктын кыскача тарыхы боюнча. “Саймалуу-Таш” МЖП түзүлүшүнүн негизги максаты, анын экологиялык абалын жакшыртуу, биосфера, айрыкча байыркы тарыхый эстеликтерин коргоо болуп саналат.

“Саймалуу-Таш” биздин байыркы ата-бабаларыбыздын жазуусу жана ошол кездеги нечен кылымдарды ичине камтыган чыгармачылыгынын эң жогорку туу чокусу, байыркы искусствонун уникалдуу кайталангыс эстелиги. Бул гиганттык зор, “сүрөт галереясы” адам акылынын, анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экендигине ынандырат.

Чаткал районундагы “Беш-Арал”  мамлекеттик жаратылыш коругу.. Аталган корукта Кыргызстандын, мурдагы СССРдин, кызыл китебине катталган, саны жагынан азайып жок болуу коркунучунда турган эндемик, реликт жаныбарлар, өсүмдүктөр бар. Корукта өсүмдүктөрдүн 1 500ге жакын түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 46 түрү кездешет.

Мындан сырткары Кыргызстандын кызыл китебине кирген сүт эмүүчүлөрдүн 11, канаттуулардын 10, өсүмдүктөрдүн 17, курт-кумурскалардын 3, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 1 жана балыктардын 1 түрү бар.

Аксы районундагы Сары - Челек биочөйрөлүк коругу Чаткал жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун тутамдашында, Кожо-Ата суусунун бассейнинде жайгашкан. Корук 1956-жылы уюшулган. Коруктун негизги милдети- уникалдуу жаңгак токоюнун комплексин, кооз  көлдүн тегерегиндеги кайталангыс кооз жерлерин сактоо болуп саналат.

Бул зонага бай флора жана фауна, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын сейрек кездешүүчү, эндемикалык түрлөрү жана жамааттары менен өзгөчөлөнөт. Бул жерде табигый ландшафттык комплекстер эң жакшы сакталган, баштапкы түрүндө жана кол тийбеген, жаратылыш аймактары катары берилген. Ошондуктан 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан биочөйрөлүк коруктардын эл аралык тармагына киргизилген.

Жалпысынан айтканда облусубуздагы баардык Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары өздөрүнүн уникалдуулугу боюнча бири биринен айырмаланып турат. Кыргызстандын кызыл китебине кирген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү менен бай.

- Экологиялык коркунучтарды жараткан аймактар барбы?

- Экологиялык коркунуч бар аймактар анын ичинен ӨКЖАтарын режимин бузуу фактылары бүгүнкү күндө бирин-серин кездешип турат. Мисалга айтсак: Көпчүлүк эл корук эрежелерин билбегендиктен мыйзам бузууларга барышат. Көпчүлүк дем алууга барган жарандар коруктар тарабына атайын даярдалып илинген көргөзмөлөргө маани бербей же окубай калышып билбегендиктен туура эмес жерге от жагуу үчүн дарактарды кесишет. Таштандыларды туш келди ыргытышат.

Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөгү», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндөгү», «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамдарын эл арасында түшүндүрүү иштерин жолго коюп, эл менен иштөөнү колго алуу бүгүнкү күндүн талабы болууда. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери өз милдеттерине ылайык бул жумушту колго алышкан. Бирок ал жетишсиз болууда.

Бүгүнкү күндө КР Өкмөтүнүн токтому менен айыл өкмөттөр менен токой чарбалардын ортосундагы жерлер, каралбай бош жаткан айыл өкмөттөрдүн жерлерине токой көчөттөрүн эгип, токой каптаган аянтты кобөйтүү мезгилдин талабы болууда. Эгерде ушул аянттарга токой көчөттөрү эгилип келечекте токой каптаган аянттарыбыз көбөйгөн болсо, бул жалпы элибиз, мамлекетибиз үчүн зор жетишкендик болот.

- Биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча кандай жакшы тажрыйбалар бар?

- Биологиялык ар түрдүүлүк – жер бетиндеги жашоо формаларынын көп түрдүүлүгүн билдирген «биологиялык ар түрдүүлүк» деген сөз.  Биологиялык ар түрдүүлүк өтө татаал көрүнүш ошондуктан ар бир кесиптин ээлери өз тармактары боюнча иш алып барышат. Биз экология, жаныбарлар жана өсүмдүктөр тармагында иштегендиктен, көпчүлүк көңүлүбүздү ушул тармактарга бөлөбүз. Ата-бабалардан мурас катары калтырылган жаратылышыбызды, анын ичиндеги баардык жандуу дүйнөнү көзүбүздүн карегиндей кароо, асыроо жана көбөйтүү ар бир инсандын ыйык милдети катары карманып тутунушубуз зарыл. Бул  мурасты өз кезегибизде биз да келээрки муундарга калтыруу ар бирибиз үчүн парз катары билишибиз керек. Манас атабыздын жети осуятынын бири болгон “Табият менен таттуу мамиледе болуу”осуятын өзүбүз үчүн туу катары тутунушубуз керек.

Чет өлкөлөрдүн биздин жерибизге, элибизге жана жаратылышыбызга туура келген бай тажырыйбаларынан алып, аны жакшылап жоонуп-жолпуп туруп колдонууга алсак эң сонун болмок. Мисалга алсак: Америка кошмо штаттарында туризмди жакшы жолго коюшкан. Жакшы жолго кою менен эле бирге аны өнүктүрүү боюнча эң мыкты закондорду чыгарып, туристерди кабыл алуучу мамлекеттик же жеке менчик ишкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

Өз мезгилинде туристерди кабыл алуучу ишкерлер болгон аракеттери менен туристерди көбүрөөк тартуу максатында баардык шарттарды түзүү үстүндө иштешет. Эң мыкты мейманканаларды, унаа жолдорун, ат менен жүрүүчү, жөө жүрүүчү, велосипед жолдорун деги эле баардык шартарды түзүү үчүн аракеттенишет. Эң негизгиси өздөрүн жалпы туристерге тааныштырыш үчүн мыкты менеджерлерди, дизайнерлерди, администраторлорду  жумушка алып реклама үчүн канча акча каражаты керек болсо ошончо коротушат. Себеби алар эртеңки күнү көптөгөн туристтерди кабыл алып ошончо пайда көрөөрүнө ишенишет.

Маектешкен: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38