KELECHEK
rek

Казакстан: Карим Масимов 6-майга чейин камакта калды

Казакстан: Карим Масимов 6-майга чейин камакта калды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы башчысы Карим Масимовдун камактагы мөөнөтү 6-майга чейин узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалыматка караганда, Масимовдон тышкары УКК башчысынын мурдагы орун басарлары Ануар Садыкулов (6-майга чейин) менен Даулет Ергожин (8-майга чейин) да камакта калды.

Кезинде эки жолу Казакстан өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген 56 жаштагы Масимов "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" айыбы менен 8-январда кармалган. 6-январда ал УКК төрагасы кызматынан алынганы кабарланган. Кийинчерээк ага "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыптар тагылганы белгилүү болгон. Анда Масимов менен бирге анын эки орун басары да кармалган. Мындан тышкары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси, УКК төрагасынын биринчи орун басары Самат Абиш алгач "эмгек өргүүсүнө чыгып", кийин кызматынан алынган.

Апта башында Масимовду колдоо үчүн ачылган онлайн-ресурс анын абалы начарлап кеткенин жазды.

10-мартта Казакстан УККсы Масимовго жабык келишим аркылуу чет мамлекеттин өкүлдөрүнөн эки миллион доллар пара алуу айыбы тагылганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, экс-чиновник премьер-министр болуп турганда бизнес-түзүмдөрдүн биринен 2,5 миллиард теңге турган элиталык конок үйүн жана жер тилкесин алган.

Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүргөн. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...