KELECHEK
rek

Пентагон Украинага тик учактар менен жолтандабастарды жөнөтүүнү пландоодо

Пентагон Украинага тик учактар менен жолтандабастарды жөнөтүүнү пландоодо

Пентагон аскердик жардамдын жаңы топтомунун алкагында Украинага Ми-17 тик учактары менен Humvee жолтандабастарын берүү ыктымалдыгын караштырып жатат. Бул тууралуу The Washington Post гезити Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады.

Киевге бериле турган аскердик жардамдын жаңы топтому 750 миллион долларга бааланышы мүмкүн экени айтылууда. Азырынча анда курал-жарактын кайсы түрлөрү болору так аныктала элек.

The Washington Post'тун маалыматына караганда, Украинага жөнөтүлө турган жардамдын болжолдуу курамында гаубица замбиректери, жээкти коргоочу учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо каражаттары болот.

Өткөн жумада АКШнын Сенаты Украинага аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүнү жеңилдеткен "ленд-лиз" программасын колдонууга уруксат берген мыйзамды колдогон. Бул программа акыркы жолу Экинчи дүйнөлүк согуш маалында колдонулган. Анда Америка нацисттик Германияга каршы күрөшкөн Улуу Британия менен СССР сыяктуу өлкөлөргө аскердик жардам көрсөткөн.

Буга чейин Түштүк Корея 1,5 миллион доллардан ашык суммага Украинага аскердик жардам бере турганын жарыялаган. "Рёнхап" агенттигинин маалыматына караганда, Сеул кийинки жумада Киевге бронежилеттерди, шлемдерди, медикаменттерди жана кургак азыктарды жөнөтөт. Азырынча Түштүк Кореянын Украинага учуучу аппараттарды берүү планы жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...