KELECHEK
rek

Машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоор даярдалат

Машинелерге милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу каралган мыйзам долбоор даярдалат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбековго өлкөдөгү бардык машиналарга милдеттүү түрдө видеокаттоо (видеорегистратор) системасын орнотуу каралган мыйзам долбоорун даярдоону тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта " машинелерге видеокаттоо коюу жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле видеокаттоодогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет. Аталган ченемди 2025-жылга карай ишке киргизүү сунушталууда, бул унаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет", деп айтылат.

Февраль айында Акылбек Жапаров милицияга жол кырсыктарын 50% азайтуу тапшырмасын берген. Ошондой эле автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин эскерткен.

Ушул жылдын алгачкы үч айында өлкөдө 1343 жол кырсыгы катталган. Анда 1990 адам жараат алып, 107 киши көз жумган.

Былтыр Кыргызстанда жети миңдей жол кырсыгы катталган жана бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 22% көп болгон.

Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын машине катталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53