KELECHEK
rek

Казакстанда убактылуу жашоого уруксат сурап кайрылган орусиялыктар көбөйүүдө

Казакстанда убактылуу жашоого уруксат сурап кайрылган орусиялыктар көбөйүүдө

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөгө келген орус жарандары көбөйгөнүн билдирди.

ИИМ башчысынын орун басары Марат Кожаевдин айтымында, Орусиядан келгендердин арасында убактылуу жашоого уруксат сурагандар көп болгондуктан, миграциялык процесстер көзөмөлгө алынды.

Парламентте маалымат берген вице-министр буга чейин бир кварталда убактылуу жашоого уруксат сураган 350-400 арыз түшсө, бүгүнкү күндө мындай арыз менен кайрылгандардын саны 1055ке жеткенин кошумчалады.

ИИМдин маалыматына караганда, 1-январдан бери Казакстанга 457 миң чет өлкөлүк келген, алардын көбү Өзбекстандын жана Орусиянын тургундары. Кожаев 24-февралдан 11-апрелге чейин 130 миң орусиялык кирип, 120 миңден көбү чыгып кеткенин, былтыркы жыл менен салыштырганда бул эки эсеге көп экенин, ошол эле маалда пандемия учурунда чек аралар жабык турганын белгиледи.

"Ушу тапта казак жергесинде орусиялык 130 миң киши жүрөт, жыл башынан бери орусиялык 170 жана украиналык жети киши жарандык сурап кайрылган, былтыркы сандар дээрлик ушундай эле болчу", - деп тактады вице-министр.

Москва Украинага кол салган 24-февралдан бери Орусиянын он миңдеген жараны чет өлкөлөргө кетип калды. Маалымат каражаттары алардын айрымдары эртеңки күндү ойлоп, аларды согуш ачкан мамлекет менен байланыштырбасын деп, башкалары экономикалык кризистен чочулап чыгып кетүүнү оң көргөнүн жазышууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...