KELECHEK
rek

Дүйнө жүзү боюнча жылына 8-10 миллион адам кургак учукка чалдыгышат

Дүйнө жүзү боюнча жылына 8-10 миллион адам кургак учукка чалдыгышат

29-март күнү USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” долбоору, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен биргеликте “Көк-Арт Инфо” МБда маалымат жыйын өткөрүштү.

Ар жыл сайын 24 – март - Бүткүл Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү катары белгиленет. Ошого байланыштуу өткөн маалымат жыйында, Жалал-Абад облусунда кургак учук менен ооругандар, кургак учуктун жаңы учурларын аныктоо жана дарылоо боюнча биргелешкен иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Жалал-Абад шаардык кургак учукка каршы күрөшүү кабинетинин башчысы Акылбек Ормонбековдун берген маалыматына караганда, кургак учук оорусу бул – жугуштуу оору болуп эсептелет. Аба аркылуу жугат, көбүнчө кургак учук өпкөнү кабылдатат. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун тастыкталган  маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча бир жылда 8-10 миллион адам кургак учукка чалдыгышат. Анын ичинен 7,5-8 миллиону кургак учуктун жугуштуу оорусу менен оорушат. Ал эми жылына 2,5 миллион адам кургак учуктан өлүмгө дуушар болушат. Ар бир кургак учук менен ооруган адам жылына 15-20 адамга ооруну жуктурат. Ар бир секундда дүйнө жүзү боюнча бир адам кургак учукка чалдыгат.

- Кургак учук адамдын жашына, ээлеген кызматына карабайт. Бул адамдын иммундук системасына көз каранды болот. Кургак учук менен көбүнчө чет мамлекетте мигрант болуп келген биздин жарандардан көбүрөөк табылат. Жалал-Абад шаарында бир жылдын ичинде 69 жаран биринчи жолу кургак учук менен ооруп калышты. Анын ичинен 62си чоңдор, төртөө өспүрүмдөр, үчөө балдар болуп саналат. Азыркы учурда кургак учук толук айыга турган оору. Себеби, кургак учуктун жугуштуу түрү менен бейтап ооруп кала турган болсо, эки жуманын ичинде жакшы дарыланса, какырыгын анализге тапшырганда кургак учуктун таякчалары көрүнбөй, жугушсуз болуп калат. Ооруканада кургак учуктун өтүшүп кеткендери жатышат. Алар 2-3 ай үзгүлтүксүз дары ичишет. Бейтаптар сакайып чыгышкандан кийин, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна өткөрүп беребиз. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерде 8-10дон ооругандар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, дары ичишет. Статистиканы карап көрө турган болсок, 99 пайыз ооруган адамдар кургак учуктан айыгышат, - дейт А. Ормонбеков.

Дарыгер Ормонбековдун сөзүнө караганда, быйылкы жылы кургак учукка каршы күрөшүү бир айлыгы 14-февралда башталып, бул аралыкта бир топ иштер аткарылган. Кургак учукту эрте табуу үчүн Беларуссиядан пульмаскан деген рентген аппаратын алып келишип, ал азыр жакшы иштеп жатат. Быйылкы жылы акыркы технология менен жасалган рентген аппаратын алууга жетишишкен. “Кургак учуктун белгилери: алсыроо, көкүрөктүн оорусу, арыктап кетүү, түн ичинде тердөө, какырыктын кан аралаш чыгуусу. Мына ушул белгилер болсо, жакынкы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылса болот”, - дейт А.Ормонбеков.

Кургак учуктун дарыга туруктуу формасынын координатору Меньера Ибраимованын берген маалыматына караганда, кургак учуктун туруктуу формасын 2 сааттын аралыгында билүүгө болот. Облус аймагындагы ооруканаларда, поликлиникаларда  женэксперттин жардамы менен кургак учуктун кандай формасы менен ооругандыгын аныктоого мүмкүнчүлүк бар. Ооруган адамдын сезгеничтүү же туруктуу формасында кургак учук менен ооругандыгын аныктоого болот.

“Дарылоо бизде жеткиликтүү жана бекер жүргүзүлөт. Кургак учук менен ооруган бейтаптар дарылануу курсун алууга бардык шарттар тузүлгөн. Дарылоонун схемасы боюнча кыска мөөнөттө дарыланып, сакайып кетүүгө болот. Бейтаптар ооруканда дарылангандан сырткары, үйүндө амбулатордук түрдө да дарылана алышат. Дарылангандан кийин, бейтаптар сыртка коркунучтуу болбой, ооруну жуктурбай калышканда гана үйлөрүнө чыгарылат. Андан кийин, үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө бейтаптар амбулатордук түрдө дарылануусун уланта беришет. Кээ бир ооругандар жок болуп, дайынсыз болуп кетишет. Дайынсыз болуп кеткен бейтаптарды патронаждык кызматтардын, медайымдардын жана Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлеринин жардамы менен аларды таап, дарылануусун улантуусуна шарттар түзүлөт. Бизде бардык шарттар бар, бейтаптар убагында кайрылышып, толук дарылануу курсун алышса жакшы болот. Бардык жерде каалаган стационарга кайрылып, текшерүүдөн өтүп, убагында дарыланууну башташса, ар бир адамдын ден соолугунун бекем болуусу үчүн бул өтө пайдалуу”, - деди М. Ибраимова.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Акинай Нишанованын сөзүнө караганда, жер-жерлерде медицина кызматкерлери калк арасында жугуштуу кургак учук оорусу боюнча маалыматтарды таркатышып, бул оорунун жугуштуу экенин, андан сактануунун жолдорун түшүндүрүп, профилактыкалык иштерди жасап келишет. “Ооругандарды аныктап, аларды көзөмөлгө алып, дарылануусу үчүн шарттарды түзүп берүүдө Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте иш алып барабыз. Алар бизге бул багытта ар дайым жардам берип келишет. Сузак районунда аябай чоң флеш-моб өткөрүп беришти. Ошондой эле шаарда окуу жайлар арасында викториналар, окуучулар арасында маалымат сессиялары өткөрүлдү ”, - дейт А. Нишанова.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облустук филиалынын кызматкери Жаркынай Сейитова кургак учуккка каршы күрөшүүдө  аткарган иштери боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди:

 - 24 – март - Бүткүл Дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата 24-февралдан баштап бир айлык акция өткөрүлдү. USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” долбоору 2020-жылдын март айынан бери ишке ашып келет. Март айы Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө карата арналган иш-чараларга бай болду. Анын ичинде кургак учуктун жаңы учурлларын аныктоонун жана дарылоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымат берүү боюнча долбоордун ыктыярчылары тарабынан иш-чаралар уюштурулду. Жаштар жана жалпы калк үчүн көптөгөн акциялар өткөрүлдү. Мисалга айта турган болсок, Аксыда балдарды рентгенден өткөрүү үчүн пленкаларын сатып бердик. Балдарды кургак учукка текшерүү жүргүзүлдү. Бала бакчалардагы бөбөктөргө жөтөлгө каршы гигиена боюнча куурчак театры көрсөтүлүп, сүрөт сынактары уюштурулду. Кургак учук менен ооруган балдар жана чоңдор үчүн концерт коюлду. Жалал-Абад облусунун мектептеринде жана жогорку окуу жайларында кургак учук боюнча маалымат сессиялары болуп өттү. Турмуш-тиричилик абалы оор кургак учук менен ооруган бейтаптарга азык-түлүк пакеттери камсыз кылынды. Ошондой эле, кургак учукка каршы иммунитетти бекемдөө үчүн сергек жашоо образын пропагандалоо максатында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү”, - дейт Жаркынай Сейитова.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облустук филиалынын кызматкери Жаркынай Сейитованын берген маалыматына караганда, 2020-жылы өлкө боюнча кургак учук менен ооругандардын жалпы саны 3477 болсо, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 614 учуру катталган. Ал эми 2021-жылы облус аймагында 695 кургак учук менен ооругандар каттоого алынган. Бул көрсөткүч жаңы ооруларды аныктоо жакшы болуп жатканын билдирет.

Долбоор боюнча маалымат:

Нарын жана Жалал-Абад облустарында USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” долбоору 2020-жылы үч жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Аталган долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланып, Улуттук Кызыл Ай коому “Доор” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылат. Долбоордун алкагында кургак учук менен ооругандар үчүн жана кургак учуктун жаңы учурларын аныктоого патронаждык кызматтар көрсөтүлөт.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24