KELECHEK
rek

"Оскар" сыйлыгын "CODA: Дүлөй ата-эненин баласы" тасмасы алды

Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Уюштуруучулар 94-жолу өткөрүлүп жаткан иш-чараны Украинадагы согушта каза болгондорду эскерүү менен башташты. Экрандагы кара фонго Украинада азыр миллиондогон үй-бүлө тамак-аш менен дары-дармекке муктаж болуп жатканы жазылды.

"Кино – жаңжалдар маалында гуманизмди көрсөтүүчү маанилүү мүмкүнчүлүк. Бирок чыныгы дүйнөдө Украинадагы миллиондогон үй-бүлө тамак-ашка, медициналык жардамга, таза сууга жана куткаруу кызматтарына муктаж болуп жатат. Ресурстар тартыш, биз глобалдык коомчулук катары аларга жардам берүү үчүн кыйла көп нерселерди жасай алабыз", - деп жазылган уюштуруучулардын кайрылуусунда.

Киноакадемия быйылкы жылдын мыкты тасмасы деп "CODA: Дүлөй ата-эненин баласын" аташты. Фильмде дүлөй-дудуктардын үй-бүлөсүнүн тагдыры көрсөтүлгөн. Алардын жашоосу үй-бүлөнүн кулагы уккан жалгыз мүчөсү – 17 жаштагы Руби музыкалык мектепке тапшыруу чечимин кабыл алгандан кийин өзгөрөт.

Тасма жалпысынан үч номинация боюнча талапкер болуп, баарында тең жеңүүчү деп табылды. "Экинчи пландагы мыкты актёр" номинациясы тубаса дүлөй актёр Трой Коцурга ыйгарылды. Ал "Оскардын" тарыхында сыйлык алган экинчи дүлөй актёр болуп калды. Мындан тышкары "CODA: Дүлөй ата-эненин баласы" тасмасы "Мыкты адаптацияланган сценарий" номинациясында жеңүүчү болду.

"Эркектин мыкты ролу" номинациясында "Оскар" сыйлыгы "Падыша Ричард" тасмасындагы ролу үчүн Уилл Смитке ыйгарылды. "Мыкты актриса" номинациясын "Тэмми Фэйдин көзү" тасмасында роль аткарган Жессика Честейн алды.

"Иттин бийлиги" тасмасы үчүн "Мыкты режиссер" номинациясы Жейн Кэмпионго берилди. "Мыкты оригиналдуу сценарий" номинациясы боюнча "Оскар" "Белфаст" тасмасы үчүн Кеннет Бранага ыйгарылды.

"Мыкты толук метраждуу анимациялык тасма" номинациясын "Энканто" алса, Альберто Мьельгонун "Айнек тазалагычы" "Мыкты кыска метраждуу тасма" деп табылды.

"Мыкты ыр" номинациясында Киноакадемиянын сыйлыгы Жеймс Бонд тууралуу No Time To Die тасмасындагы ыры үчүн Билли Айлишке тапшырылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29