KELECHEK
rek

Путин режиминен качкан орусиялыктар Өзбекстандагы батир баасын көтөрдү

Путин режиминен качкан орусиялыктар Өзбекстандагы батир баасын көтөрдү

Украинадагы согуш жана анын кесептенинен пайда болгон экономикалык каатчылыкка байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар мекенинен чыгып кетүүдө. Алардын бир бөлүгү Өзбекстанга келди. Москва жана Орусиянын башка аймактарында жумушсуз калган эмгек мигранттары да үйлөрүнө кайтууда.

Орусиялыктардын Өзбекстанга келиши менен Ташкентте кыймылсыз мүлккө болгон баа өстү.

Кыймылсыз мүлк боюнча агенттер “Оздолик” радиосунун кабарчыларына билдиргендей, акыркы жумаларда ижара акысы орто эсеп менен 15 пайызга жогорулады.

"Өткөн айдын башында Ташкенттин Сергели, Алмазар, Юнусабад өңдүү эң арзан аймактарында бир бөлмөлүү батир айына 270 доллар болсо, азыр 300 долларга чыкты. Яккасарай менен Мирабад райондорунда учурда баа 500 доллардан 1000 долларга чейин жетүүдө", - деди “Крыша” кыймылсыз мүлк агенттигин кызматкери Лидия Назарова.

Ташкентте турак жайлардын баасы да кымбаттоодо. Өткөн айда орто эсеп менен бир чарчы метр 605 доллар болсо, марттын ортосунда 691 долларга чейин көтөрүлдү.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар санкцияларды киргизген. Натыйжада рублдин куну түшүп, аны менен кошо өзбек валютасы да арзандап кетти. Соңку аптада эле сум долларга карата 12 пайызга төмөндөдү.

Санкциялардын кесептинен жумушунан айрылган өзбек мигранттары да үйлөрүнө кайта баштады. Бул да турак жайлардын кымбатташына таасирин тийгизүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...