KELECHEK
rek

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы алтын кендерге барды

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы алтын кендерге барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы бир катар алтын кендерине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Иштамберди кенин иштетип жаткан "Фул Голд Майнинг Компани" жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Ишкана жумушчулардын 91% жергиликтүү тургундар экенин билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы ишкананын жетекчилери менен пикир алышуусунда жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле ишканадагы технологиялык процесстерди өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андан соң Жапаров "Эти Бакыр Терексай" ишканасына барып, тесттик режимде иштеп жаткан алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышып, калдык сактоочу жайларды көрүп чыкты. Өкмөт башчы ишканада техникалык жана экологиялык ченемдерди сактоо, ошондой эле жергиликтүү калк менен байланыш түзүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ушул жылдын биринчи кварталында ишке берилери айтылган.

Аталган кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. “Эти Бакыр Терексай” – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына, 75% түркиялык “Эти Бакыр Терексай” ишканасына тиешелүү. Анда 800дөн ашуун кыргызстандык иштейт.

Жергиликтүү тургундар бул ишканага каршы утур-утур нааразылыгын билдирип келет. Былтыр декабрь айында эле “Эти Бакыр Терексайдын” айрым жумушчулары жана жергиликтүүлөр "ишкана үч айдоочуну жумуштан негизсиз алды, экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп жол тосушкан.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41