KELECHEK
rek

Кыргызстандын 2026-жылга чейинки өнүгүү программасы жарандык коомдун өкүлдөрү менен талкууланды

Кыргызстандын 2026-жылга чейинки өнүгүү программасы жарандык коомдун өкүлдөрү менен талкууланды

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасын талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

Иш-чара Президенттин Администрациясы жана Экономика жана финансы министрлиги тарабынан уюштурулган. 

Кыргызстандын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоору өлкөнүн 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын биринчи этабы боюнча деталдаштырылган документи болуп саналат.

2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүгүү программасынын долбоорунун башкы принциптеринин бири – узак мөөнөттүү Стратегия 2040 документинде каралган мамлекеттик саясатты улантуу – адамга  көңүл буруу, анын өнүгүүсүнө шарттарды түзүү жана чөйрөнү калыптандыруу. Мамлекеттин билим берүү жана саламаттыкты сактоого сарптаган чыгымдары келечекке инвестиция катары каралат. 

2026-жылга чейинки программанын негизги тапшырмалары –  адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрөнү калыптандыруу, анда өзгөчө көңүл социалдык-маданий өнүгүүсүнө, коомдук саламаттыкты сактоо тутумун кескин реформалоо, санариптик технологиялар негизинде баштапкы медико-санитардык жардамды чыңдоо, жер-жерлердеги социалдык кызматты өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүү тутумуна жан башына каржылоону киргизүү, бизнести мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө тартуу, социалдык-медициналык жана медициналык кызматтарга бурулат. 

Келечек муундардын фондун түзүү болжолдонууда. Фонддун максаты - балдардын эрте өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, жашы жетип, билим алуусу, ден соолугу боюнча талаптарды аткарган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Фонддун каржы булагы Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн кайра калыбына келбей турган ресурстарды иштетүүдөн түшкөн каражаттардын бир бөлүгү болот.

Калктын жакыр жана аз камсыз болгон катмарын колдоо максатында микрокредиттик каржылоону бөлүү жолу менен социалдык келишимдин механизмдери киргизилет. Программада жаш жеткинчектерди багуу боюнча энелердин эмгегин таануу, жаш кыздардын азыркы мууну арасында "Курманжан-Датканын" образын жандандыруу жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча реалдуу кадамдар камтылган. 

Программада мамлекеттин өнүгүүсү үчүн маданият, эл жана диндин көп түрдүүлүгү стратегиялык ресурс катары белгиленген. Мамлекеттик саясат улуттук биримдикти, жарандык жана этностор аралык өз ара түшүнүшүүнү бекемдеп, үй-бүлөдөгү жана балдарга карата зомбулукту жоюуну, жоопкерчиликтүү ата-эненин принциптерин жайылтууну камсыз кылышы керек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13