KELECHEK
rek

Ооганстандын бир катар шаарларында "Талибанга" каршы акциялар өттү

Ооганстандын бир катар шаарларында

Ахмат Масуд талибдерге каршы көтөрүлүшкө чакыргандан кийин 6-сентябрда Ооганстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялар өттү.

Демонстранттар Улуттук каршылык фронтун колдогон, Пакистан менен "Талибанга" каршы ураандарды айтышты.

Соцтармактарда жарыяланган видеолордо кишилер Кабул, Мазари-Шариф, Герат шаарларында көчөгө чыгып, "Каршылык фронту жашасын", "Пакистанга өлүм" жана "Аллаху Акбар" деп ураан чакырып жүрүшкөнүн көрүүгө болот.

Бул арада Панжшер капчыгайында каршылык фронту менен талибдердин салгылашы уланууда.

Улуттук каршылык фронтунун лидери Ахмад Масуд дүйшөмбү күнү айыгышкан салгылашуудан кийин ооган элине кайрылып, "Талибан" кыймылына каршы биригүүгө чакырган.

"Талибандын кечээки кол салуусунан кийин талибдердин тарабында ооган элине каршы чет өлкөлүк аскерлер көп жылдан бери жана азыр да күрөшүп жатканы белгилүү болду" деген ал.

Жекшембиде Панжшердеги Улуттук каршылык фронтунун позицияларына согуштук тик учактар жана учкучсуз аппараттар бомба таштаган. Фронттун расмий өкүлдөрү буга Пакистан армиясы менен чалгыны жардам бергенин билдирген. "Талибандын" расмий өкүлдөрү менен Пакистан бул боюнча комментарий бере элек.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясына толук көзөмөлүн орнотконун билдирген. Бирок бул маалыматты аймактагы талибдерге каршы турган "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту" четке каккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52