KELECHEK
rek

КМШ оюндары: Кыргызстандын эсебине дагы беш байге кошулду

КМШ оюндары: Кыргызстандын эсебине дагы беш байге кошулду

I КМШ оюндарынын ачылыш аземи. 4-сентябрь, 2021-ж. Казан, Татарстан.

Ушул күндөрү Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан алгачкы КМШ оюндарында спорттун көреш түрүнөн (Бел боо күрөшүнүн бир түрү) кыргызстандык балбандар бир күмүш, төрт коло байгеге ээ болушту. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 6-сентябрда Кыргызстандын эсебине күмүш байгени Арсланбек Турдубеков (120 кг) алып келди. Коло байгелерге Баяман Мыктыбеков (100 кг.), Нурканат Кайыпбердиев (65 кг), Бекмамат Бейшенов (70 кг) жана Бакберди Мирсланбеков (85 кг) ээ болду.

Арсланбек Турдубеков (+100 кг, коло) жана Баяман Мыктыбеков (90 кг, күмүш) бир күн мурда бел боо күрөшү боюнча таймаштарда да байгелүү болушкан.

6-сентябрдагы мелдеш күнүнүн жыйынтыгында азырынча Кыргызстан эки алтын, 10 күмүш жана 18 коло байге менен медал алган өлкөлөрдүн арасында 5-катарда келе жатат. Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн 55 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы жана бел боо күрөшүнөн 100 килограмм салмакта Нурмамбет Раймалы уулу алды.

Татарстандын Казан шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин оюндары 11-сентябрга чейин уланат. Ага 9 мамлекеттен 14 жаштан 23 жашка чейинки 1600 спортчу катышып, спорттун 16 түрүнөн 182 комплект медал үчүн күч сынашууда. Кыргызстандын делегациясында 163 өкүл бар. Кыргызстандыктар спорттун 13 түрүнөн мөөрөй талашат.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20