KELECHEK
rek

Президент Садыр Жапаров «Алтын түйүн» республикалык балдар академиясынан кабар алды

Президент Садыр Жапаров «Алтын түйүн» республикалык балдар академиясынан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда, Бишкек шаарындагы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынан кабар алды.

Аталган мекеменин короосунда академиянын окуучулары Мамлекет башчысына дронду башкаруу ыкмаларын, чыгыш күрөш оюндарын, өздөрү кураган мини-тракторду көрсөтүштү. «Созвездие» клубунун тарбиялануучулары Садыр Жапаровду планетарийге кирип, «иллюстративдик асманды» көрүүгө чакырышты.

Садыр Жапаров робот техникасы, информатика, көркөм сүрөт, 3D моделдөө, астрономия сабактарынын бөлмөлөрү менен таанышты. Окуучулар Мамлекет башчысын өздөрү кураган роботтордун ар кандай моделдери, роботтоштурулган техника, моделдөө жана программалоо долбоорлору менен тааныштырып, чыгармачылык жетишкендиктери жана келечекке карай пландары жөнүндө айтып беришти.

Президент Садыр Жапаров академиянын окутуучулары жана окуучулары менен болгон баарлашуусунда мекеменин педагогикалык инновацияларды кеңири жайылтуудагы жана кошумча билим берүүнүн жаңы технологияларын топтоодогу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

«Бул жерде техникалык билим берүүнүн мыкты салттары сакталып калганы ачык көрүнүп турат. Оңой эмес мезгилге карабастан, Академиянын имараты сакталып турганын, долбоордук, ойлоп табуучулук, конструктордук жана изилдөө иштери улантылып жатканын кубануу менен белгилегим келет», — деп айткан Садыр Жапаров Академиянын мугалимдеринин жана жетекчилигинин салымын канааттануу менен баса белгиледи.

Садыр Жапаров өлкөнү экономикалык жактан жаңылоо максатында окуучулардын техникалык билимин мындан ары өркүндөтүүсүн толук колдоорун билдирди.

«Бүгүнкү күн өзүнүн башка талаптарын коюп жатат. Дүйнөлүк коомчулук „4-муун“ аталышындагы  өнөр жай революциясына кошулду. Буга байланыштуу жаштардын билим алуусуна ар кандай мамилелерди талап кылган жаңы олуттуу чакырыктарга туш болуудабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдөгү эки стратегиялык тармакты белгиледи — алар табигый жана техникалык илимдер жаатында терең билимди талап кылган тоо-кен жана энергетика тармактары.

Ошондуктан, Президент айткандай, экономиканын муктаждыктарына жана жаңы доордун талаптарына жооп берген системаны түзүү менен билим берүү тармагын реформалоо зарыл.

Садыр Жапаров «Алтын түйүн» академиясынын келе жаткан 60 жылдык мааракеси менен баарын куттуктап, билим берүү мекемесинин бюджети эки эсе көбөйтүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарын өлкөнүн облус борборлоруна ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошол эле учурда, Президент академиянын окуучуларынын жана мугалимдеринин каалоо-тилектерин эске алуу менен, мекеменин  аймагында окуучулардын спорттук иш-чараларды өткөрүп, эс алуусу үчүн футбол жана волейбол аянтчалары курулуп башталарын кошумчалады.

Академиянын педагогдору Мамлекет башчысынан Кыргызстан агрардык гана эмес, технологиялык өлкө катары да даңкталышы үчүн, мындан ары өлкөдөгү инженердик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү. Алар бул маселе боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, Академиянын ишмердүүлүгүн модернизациялоо боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине жолугушууда айтылган бардык маселелерди тезинен ишке ашырууну тапшырды.

«Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы 1961-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө бул маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаштардын STEM билим берүү жана илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү менен алектенген бирден-бир адистештирилген мектептен тышкаркы мекеме.

Бүгүнкү күндө Академиянын балдар бирикмелеринде (40 даана) 1800дөн ашуун окуучу онлайн жана оффлайн режиминде робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30