KELECHEK
rek

Түркмөн бийлиги жарандардан кайрадан ак түстөгү гана автоунааларды пайдаланууну талап кылууда

Түркмөн бийлиги жарандардан кайрадан ак түстөгү гана автоунааларды пайдаланууну талап кылууда

Түркмөнстанда автоунааларга карата жаңы талаптар киргизилди. Ага ылайык, эми өлкөдөгү бардык мамлекеттик мекемелердин транспорт каражаттары толугу менен ак түстө болушу керек.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, автоунааларга карата жаңы талаптар киргизилгени тууралуу апрель айында, мамлекеттик мекемелердин балансындагы транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү өнөктүгү башталганда белгилүү болду. Ошол эле маалда полиция кызматкерлери жаңы талаптар эмне себептен киргизилгени боюнча айдоочуларга эч кандай түшүндүрмө беришкен жок.

Техникалык кароонун жүрүшүндө автоунаанын башка түстөгү деталдары аныкталса, анын ээсине кароодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк берилбей жатканы кабарланууда.

Буга чейин мындай талап жеке автоунааларга гана тиешелүү болгон.

Түркмөнстанда 2017-жылдан бери кара жана күңүрт түстөгү, ошондой эле күндөн коргоочу түс менен капталган автоунааларды, анын ичинде «Лада» үлгүсүндөгү машиналарды колдонууга тыюу салынган. 2019-жылы полиция кызматкерлери бул талаптарга жооп бербеген автоунааларды токтотуп, айып пул салууну токтоткон.

Бирок былтыр бул иш-чара кайра башталып, дөңгөлөгүндөгү дисктери кара болгон ачык түстөгү унааларга да айып пул салына баштаган. Алардын ээлери айып пул төлөөгө жана машиналарын ак түскө боёго мажбурланып келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...