KELECHEK
rek

Президент Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди

Президент Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-апрелде, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы медициналык мекемелердин коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдыгын текшерди.

Мамлекет башчысы Бишкектеги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Улуттук госпиталда жана Токмок аймактык ооруканасынын филиалында коронавирус менен ооруган бейтаптарга карата даярдалган орундуктарды көрүп чыкты.

Президент медициналык персоналдын иштөө шарттары, алардын дары-дармек жана жабдыктар менен камсыз болушу менен таанышып, ооруканалардын «кызыл зоналарына» кирип чыкты.

Улуттук госпиталда бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен ооруган 84 бейтап дарыланып жатканы, дары-дармектер жана жабдыктар боюнча мекемеде көйгөйлөр болбогону тууралуу маалымат берилди. Садыр Жапаров «кызыл зонанын» жандандыруу бөлүмүн көрүп чыкты. Анда учурда 5 адам дарыланып жатат. Мамлекет башчысы алардын ар бири менен баарлашып, дарылануунун жүрүшү жөнүндө сурады.

Президент ошондой эле учурда 147 бейтап дарыланып жаткан Токмок аймактык ооруканасынын филиалындагы «кызыл зонадан» кабар алды. Бейтаптар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки медициналык мекеменин тең кызматкерлери менен сүйлөшүп жатып өз күчүн жана ден-соолугун аябай пандемия менен күрөшүп жаткан өлкөдөгү бардык дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров дарыгерлердин негизги проблемалары, алардын ичинде эмгек акыларын жогорулатуу жана иштөө шарттарын жакшыртуу мамлекеттин көңүл чордонунда турганын, алар артыкчылыктуу тартипте караларын баса белгиледи. Айлык маянанын төмөндүгүнө байланыштуу ишин таштаган  медициналык кызматкерлерден улам бүгүнкү күндө пайда болгон 3 миң жумуш ордун толтуруу мерчемделүүдө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик ипотекалык насыя берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү боюнча план иштелип жатат. Анын алкагында өлкөнүн дарыгерлери жана мугалимдери үй сатып алуу үчүн төмөнкү пайыздык насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Токмок аймактык ооруканасынын филиалынан чыгып жатып Президент Садыр Жапаров анда чогулган жергиликтүү тургундар менен да баарлашты.  Жашоочулардын көйгөйлүү, көбүнесе жеке мүнөздөгү маселелерин укту. Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык маселелер тийиштүү  мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан каралып чыгарын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38