KELECHEK
rek

ЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту

ЭлТР каналы «Азаттыктын» телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди бир тараптуу токтотту

ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «Азаттык» радиосунун телепрограммаларын көрсөтүү боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бир тараптуу токтотту. Мунун себебин компаниянын башкы директору Эрлан Догдурбеков төмөнкүчө түшүндүрдү:

«Биз 2021-жылга өзүбүздүн пакетибизди жаңылап, жаңы программаларды киргизип жатабыз. Эң негизгиси – прайм-таймга өзүбүздүн жаңы котормолорду киргизип жатканбыз. Азыр эл котормого жакшы басым жасап жатат. Эл «сиздердин көрсөтүүлөрдү көрүп жатабыз. Бирок өтө кеч болууда» деп айтып жатат. Бизге котормолорго ошол прайм-тайм убакыт керек болду. Негизинен 2021-жылы биз контентти, программаларыбызды жаңылап жатабыз. Ошондуктан азырынча токтотуп коюуга туура келип жатат. «Азаттык» менен аябай жакшы иштештик. Жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз».

Догдурбековдун айтымында, «Азаттык» менен лицензиялык келишим компаниянын көркөм кеңешинин сунушунун негизинде токтотулуп жатат. Кеңеш мындай сунушту жаңы жылга чейин берген. Ага ылайык «Азаттык» менен түзүлгөн келишимди токтотуу жөнүндө чечим 5-февралдан тартып күчүнө кирет. Догдурбеков келишимге кол койгон эки тарап тең аны токтотуу тууралуу бир ай мурда кабардар кылууга укуктуу экенин белгиледи.

ЭлТРдин көркөм кеңеши 2020-жылдын ноябрь айында түзүлгөн, ага компаниянын кызматкерлери кирген.

ЭлТР телеканалы буга чейин «Азаттык» радиосунун 2020-жылдын август, сентябрь жана декабрь айларындагы шайлоо, "Эгемендик жана "евразиячыл интеграция"", "коронавирус курмандыктары", "саясаттагы (социалдык тармактар аркылуу таратылган) фейктер", "Кыргызстандын Кытайга карызы" жана "Курултайдын курамы жана мааниси" тууралуу телеберүүлөрүн эфирге чыгаруудан баш тартып, аларда маалымат бир жактуу берилгенин жүйө кылган. «Азаттык» ЭлТРдин бул жүйөсүнө макул эмес экенин, телепрограммаларды даярдоодо бейтараптык эрежелери бекем сакталарын учурунда билдирген.

«Азаттык» радиосунун жарым сааттык «Ыңгайсыз суроолор», «Эксперттер талдайт», «Биз жана дүйнө», «Данисте», «Азаттык Плюс», «Каректе Евразия» телепрограммалары келишимдик негизде иш күндөрү кечкисин ЭлТР каналында 2016-жылдан бери көрсөтүлөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53