KELECHEK
rek

УКМК «Эркин Тоо» ишин кайрадан териштирип жатат

УКМК «Эркин Тоо» ишин кайрадан териштирип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы «Эркин Тоо» гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүүдө.

Ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат.

Бул жөнүндө 6-январда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кабарлады:

"Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган".

УКМК белгилегендей, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. «Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шек саналууда.

«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы 2016-жылы маалым болгон жана Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Депутат өзү кылмыш иштерин жандантууга негиз жок деп билдирип: «Мага күнөө койгудай эч негиз жок. Бул факт боюнча эки жолу иш болгон. Анда мен күнөөкөр эмес, күбө катары да чакырылган эмесмин», - деп айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...