KELECHEK
rek

БШК: Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин болот

БШК: Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин болот

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү шарттары тууралуу айтты.

Ал президент мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтоткон учурда Жогорку Кеңеш бир жума ичинде жаңы президенттик шайлоону белгилей турганын, бирок мындай болбогонун, ошондуктан шайлоо автоматтык түрдө жарыяланганын белгиледи.

«Мындан соң БШК эки күндүн ичинде так датаны аныкташы керек. Бул норманын негизинде БШК 24-октябрда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. 15-ноябрга чейин талапкерлер көрсөтүлөт, аларды саясий партиялар менен жарандар көрсөтө алат. Азыркы учурга карата арыз түшө элек», - деди Бекматов.

Ал БШК талапкерлердин документтерин 7-декабрга чейин кабыл аларын кошумчалады. Мындан тышкары талапкерлер 30 миңден кем эмес кол топтоп, БШКга 3-декабрга чейин өткөрүп бериши керек.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Дээрлик он күнгө созулган митингдерден соң, Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. 6-октябда тарапташтары абактан бошотуп алган мурдагыдепутат Садыр Жапаров 14-октябрь күнү өкмөт башчы, 15-октябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу болуп ишин баштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24