KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында кыз узатуу кароо сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында кыз узатуу кароо сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунда улуттук каада-салттарды жандандыруу максатында район, шаарларда  өткөрүлүп жаткан кыз узатуу кароо-сынак кезеги Жалал-Абад шаарына жетип, шаардын Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кызыл-Суу айылында өткөрүлдү.

Ага  шаардын биринчи вице мэри Таирбек Чойбеков, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Турдалы Темирбаев  жана шаардагы ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, айыл эли катышты. Бул кароо сынакка атайын комиссия курамы түзүлгөн.

Өткөрүлгөн иш чарага 4 боз үй тигилип, шаардык маданият үйүнүн эмгек жамааты кыргыздын эзелтен келе жаткан нукура  кыз узатуу салтын сахналаштырып, анда кыз узатууда алгач эки жаштын таанышуусу алардын ата энелеринин кудалашуу жана тойдо жеңелеринин  күйө баланы жолдоштору менен  тосуп алуудагы каада- салттарды көрүүчүлөргө ирети менен  кеңири тааныштырышты. Аны менен катар кароо-сынактын жүрүшүндө улуттук оюндардан ордо, эр эңиш, тыйын эңмей, күрөш жана аркан тартыш оюндары да ойнотулду.

“Облуста өткөрүлүп жаткан мындай кароо-сынактардын өткөрүлүүсү өсүп келе жаткан жаш муундардын кыргыз элинин  басып өткөн жолу, каада- салттары менен тереңден таанышууга мүмкүнчүлүк берет”, - дейт Т.Темирбаев.​

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29