KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бириккен аракеттер менен азыркы абалдан чыгып кетерибизге ишенем!

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бириккен аракеттер менен азыркы абалдан чыгып кетерибизге ишенем!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга  кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

"Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстаныбыз эң татаал мезгилди башынан кечирип жатат.

Бирок кеменгер элим, бул татаал кырдаалдан дагы аман-эсен  чыгабыз деп бекем ишенем!

Бир дагы бийлик же кызмат - адам өмүрүнөн бийик эмес.

Билесиздер, адам өмүрүн тобокелдикке салбоо үчүн «Ак үйгө» чабуул жасагандарга каршы күч колдонгон жокмун.

«Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы» деген катуу талаптарды койгондор да болду. Муну четке кактым. Анткени бул кагылышка алып келмек.

Өзгөчө абал  киргизүү жөнүндө даярдалган Жарлыкка да ушундан улам кол койгон эмесмин.

Жер-жерлерде митингге чыгабыз деген мекендештеримди токтоттум.

Бизге азыр жаат-жаат болуп бөлүнүү - канчалык коркунучтуу экенин көрүп турабыз.

 Урматтуу мекендештерим, бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишти.

Эми көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө дагы бир ирет чакырам!

Ушул татаал мезгилде жарандык бийик позициясын көрсөткөн, акылы тунук жаштарыбызды өзгөчө бөлүп айткым келет.

Түнү бою уйку көрбөй, жарандардын жана мамлекеттин тынчтыгын, мүлкүн сактаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем.

Кимдин баалуулуктары кандай экенин акыркы эки күндө так-даана көрө алдык. Силер, жаштарыбыз, бийлик талаш менен алек болуп отурган улуу агай эжелериңерге бул күндөрү татыктуу үлгү көрсөтүп жатасыңар.

Силер бийлик, мансап, кызмат эмес, Кыргызстандын өзү керек экенин дагы бир жолу көрсөттүңөр.

Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экенин сөз менен эмес, өз иш-аракетиңер менен далилдей алдыңар.

Мен баардык тараптарга сабырдуулук, токтоолук каалайм.

Мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга чакырам.

Мыйзам талаасына кайтып, ынтымак менен бул абалдан чыгалы.

Урматтуу мекендештерим, Кыргызстанда тынчтыкты камсыз кылуу, коомдук тартипти орнотуу – бүгүнкү күндүн биринчи  милдети болуп турат!

Бириккен аракеттер менен бул абалдан чыгып кетерибизге ишенем!

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун!"

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12