KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бардык күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырам

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-октябрда, өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты.

Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту.

Шаар тургундарынын тынч жашоосуна  бүлүк салышты.

Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты.

Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим.

Азыркы учурга чейин кырдалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык.

Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик.

Мен борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым.

Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм.

Бардык мекендештеримден тынчтыкты сактап, чагымчыл күчтөргө алданбай мыйзамсыз кадамдарга барбоону суранам.

Өлкөбүздүн тынчтыгы, коомубуздун коопсуздугу- баарынан кымбат.

Бардык күчтөрдү өлкөнүн тагдырын саясий амбициялардан бийик коюп, укуктук талаага кайтууга чакырам».

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12