KELECHEK
rek

Митингчилер Атамбаев жана башка саясатчыларды түрмөдөн бошотушту

Митингчилер Атамбаев жана башка саясатчыларды түрмөдөн бошотушту

Жазык кодексинин оор беренелери боюнча айып коюлган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды.

Анын көчөдө эл менен жүргөнү тартылган видео социалдык желеге тарады.

Атамбаев баштаган ондон ашуун киши бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан. Быйыл июнда мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Ага улай саясатчы Садыр Жапаров түрмөдөн бошотулду. УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган.

Бул арада мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясынан чыгарылды. Аны тарапташтары барып тосуп келишкенин Исаковдун адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” кабарлады.

Адвокаттын айтымында, өлкөдөгү акыркы окуялардан соң жарандардын талабы менен Сапар Исаков абактан чыкты.

“Бирок мыйзамга ылайык, жакын арада Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери кайрадан сотто каралып, актаган чечим чыгышы керек. Баары укуктук талаада болушу керек”, - деди адвокат.

6-октябрь күнү таңга маал саясатчы Равшан Жээнбеков да абактан чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан “Твиттерге” жазды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иретинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53