KELECHEK
rek

Ак үйдөн өрт чыгып, митингчилер бир нече имаратты басып алды

Ак үйдөн өрт чыгып, митингчилер бир нече имаратты басып алды

Бишкектеги президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган Ак үйдө өрт чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, учурда аталган имараттын үчүнчү кабатынан кара түтүн каптап, түтөп жатат.

Азырынча имараттын жанында эки өрт өчүрүү автоунаа келип, тилсиз жоону өчүрүү аракетин көрүүдө.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин билдирген.

Анын айтымында саат 02.00гө чейин Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратындагы иш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Ал тапта Интернетте президенттик администрациядан милиция коштоосунда бир топ автоунаа чыгып, батышты көздөй кеткени тууралуу видео жарыяланды.

Парламенттик шайлоону мыйзам бузуу менен өттү деп, жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылган саясий партиялардын лидерлери жана тарапкерлери 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митингге чыгып, мөөнөтсүз митинг жарыялашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...