KELECHEK
rek

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө салым кошкон кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Өз куттуктоо сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жогорку деңгээлдеги тилектештигин жана ынтымагын сыймыктануу менен белгиледи.

«Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам берген азаматтарыбыз көп болду.  Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы бийик абийир жана жогорку атуулдук жоопкерчилик менен кесиптик милдеттерин аткарган медицина кызматкерлеринин пандемияга каршы күрөшүүгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи.

«Жалпы элибиз сиздерге, биздин дарыгерлерибизге ишеним, үмүт артты. Элүү миңге жакын жарандыбыздын өмүрүн сактап калдыңар. Ошол  адамдардын баары, алардын жакындары сиздерге ыраазычылыгын билдирүүдө», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле оорудан сактап калууга мүмкүн болбогон мекендештерди эскерип, кайгыруу менен көңүл айтты.

«Баарыбызды бир милдет бириктирип турат. Бул — өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын мындан ары болтурбоо. Биз мамлекеттик бийликтин, жарандык жана бизнес коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктирүүнү көздөйбүз. Ошол эле учурда ар бир адамдан өзү жана жакындары үчүн бийик жарандык жоопкерчилик талап кылынат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков илдетке каршы күрөш саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын белгиледи. Буга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында ата мекендик медицина тармагындагы системалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча маселелер каралат.

Эске салсак, мамлекеттик сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.

Коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана улуттун санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугун камсыз кылууга салым кошкондугу, кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына 2020-жылдын 3-июлунда — Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата жана 27-августта, өлкөнүн Көз карандысыздык күнүн утурлай кол коюлган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13