KELECHEK
rek

ИИМ: Бийликти басып алууга чакырды деген беш киши камакка алынды

ИИМ: Бийликти басып алууга чакырды деген беш киши камакка алынды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган деген шек менен 26 адам кармалып, алардын бешөө камакка алынганын 1-октябрда кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «30-сентябрда коомдук тартипти туруксуздаштырууну көздөп, бийликти күч менен басып алууга чакырган видео Интернет булактарында тараган. Факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин Тергөө кызматы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козгоо») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү баштаган».

Улуттук академиянын адистери соттук-саясий экспертиза жүргүзүп, видеодо сүйлөгөн адамдын сөзүндө аймак аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык белгиси бар деген жыйынтык чыгарышкан.

Милиция билдиргендей, сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 30-сентябрда «Кырк Уруу Жети Дубан» кыймылынын 26 мүчөсү кармалган. Алар наркологиялык текшерүүдөн өтүп, 20сы баңгизат колдонгону аныкталган. Бешөө шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ алардын аты-жөнү Шамил Муканбаев, Амангелди Артыков, Акылбек Олжембаев, Рыскелди Бериков жана Кубанычбек Жумаканов экенин, төртөө мурда соттолгонун кабарлады.

30-сентябрда социалдык түйүндөрдө бир бөлмөдө отурган 20 чакты эркек саясат темасын талкуулап жатканы, алардын бири «1500 айылдан балдарды чыгаралы, бул шайлоону өткөрүп жиберсек, анда биз утулдук» деп айтып жатканы жазылган видео тараган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөнү жатат.

Кылмышка шектүү катары кармалгандар жана алардын жактоочулары азырынча окуя тууралуу комментарий бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53