KELECHEK
rek

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки бала чарчап калды

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки бала чарчап калды

Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшош оорудан эки жана үч жаштагы эки бала чарчап калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Казакстандын «Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун» башчысы Риза Боранбаеванын айтымында, ата-энелери балдарды ооруканага кечирээк алып келгендиктен, алардын өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Мындан тышкары балдар кошумча кызыл жүгүрүк (красная волчанка) илдети менен да жабыркашкан.

Дарыгерлер «Кавасаки синдромуна» окшогон оору жаңы типтеги коронавирустан айыккан балдарда пайда болуп жатканын билдиришүүдө. Чарчап калган эки бала да бир нече жума мурда COVID-19 менен ооруган.

Боранбаеванын айтымында, Казакстанда «Кавасаки синдромуна» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыккандардын саны 41 балага жетти. Алардын баарында тең коронавируска каршы антитела пайда болуп, 37си айыгып чыкты.

- Коронавирус жуктуруп, андан жеңил айыккан балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга чалдыгып жатышат. Эгер коронавирустан айыккандан кийин эки-алты жуманын ичинде баланын денесинде кызыл тактар пайда болуп, дене табы жогоруласа, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Мындай учурда диагноз өз убагында коюлуп, баланын айыгып кетүү ыктымалдыгы жогору болот», — деди ал.

Казакстанда балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга кабылган алгачкы учур 4-августта катталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38