KELECHEK
rek

Брюсселде Лукашенконун режимине каршы санкция киргизүү боюнча орток пикир табылган жок

Брюсселде Лукашенконун режимине каршы санкция киргизүү боюнча орток пикир табылган жок

Светлана Тихановская менен Жозеп Боррель. Брюссель. 21-сентябрь, 2020-жыл.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Беларустагы акция катышуучуларын куугунтуктоого катышы бар аткаминерлерге каршы санкция киргизүүгө макулдаша алышкан жок.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель уюмга мүчө 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун жыйынтыктап жатып, Кипрдин позициясынан улам консенсуска келүү мүмкүн болбой калганын айтты.

Жозеп Боррель ЕБ Беларустун ички ишине кийлигишпей турганын, бирок Евробиримдик өлкөдө диалогдун башталышына жардам берүүгө дилгир экенин кошумчалады. Эл аралык фрнацуз радиосу Боррель шаркет Беларуста өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жана Александр Лукашенконун президенттигинин легитимдүүлүгүн тааныбай турганын ишара кылганын кабарлады.

ТАСС менен AFP агенттиктери санкция киргизүүгө Кипрдин позициясы тоскоол болгонун, бул өлкө Лукашенконун режими менен катар Жер ортолук деңиздеги кен издөө аракеттери үчүн Түркияга да санкция киргизүүнү талап кылып жатканын жазышты.

Кипрдин ТИМ башчысы Никос Христодулидис адам укуктарынын бузулушуна карата Евробиримдиктин позициясы бардык өлкөлөргө бирдей болушу керек экенин билдирди.

Санкция боюнча акыркы чечим 24-сентябрда Евробиримдиктин саммитинде кабыл алынат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52