KELECHEK
rek

Нобель лауреаты Светлана Алексиевич бийликти басып алуу иши боюнча суракка чакырылды

Нобель лауреаты Светлана Алексиевич бийликти басып алуу иши боюнча суракка чакырылды

Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Светлана Алексиевич Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тергөө комитетине күбө катары суракка чакырылды. Кеңеш бийликти тартып алуу максатында түзүлгөн деп эсептелүүдө.

Жазуучу суракка 26-августта барышы керек. Бул тууралуу Виктор Бабариконун штабынын маалымат кызматы билдирди.

Светлана Алексиевич – Координациялык кеңештин президиумунун мүчөлөрүнүн бири. Мария Колесникованын айтымында, жазуучу ден соолугуна байланыштуу президиумдун ишине түзмө-түз катыша албайт, бирок дайыма байланышта болуп турат.

Буга чейин ушул эле иштин алкагында президиумдун башка мүчөлөрү Максим Знак жана Сергей Дилевский суракка чакырылган.

24-август күнү эртең менен Минск трактор заводунда Координациялык кеңештин эки мүчөсү – президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановскаянын ишенимдүү өкүлү Ольга Ковалькова менен МТЗ иш таштоо комитетинин өкүлү Сергей Дылевский кармалган.

Кийинчерээк Ольга Ковалькова, МЗКТ заводунун иш таштоо комитетинин төрагасы Александр Лавринович Окрестиндеги тергөө абагында экенин белгилүү болгон. Дылевский тууралуу азырынча маалымат жок.

Беларус Башкы прокуратрасы 20-августта Координациялык кеңештин түзүлүшү боюнча “Бийликти тартып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кеңештин бир нече мүчөсү Тергөө комитетине суракка чакырылган.

Бийликти өткөрүп берүү боюнча Координациялык кеңеш өткөн жуманын башында түзүлгөн. Президиумга адабият боюнча Нобель лауреаты Светлана Алексиевич, мурдагы маданият министри Павел Латушко, президенттикке талапкерлер Виктор Бабарико менен Светлана Тихановскаянын өкүлдөрү киришкен. Алар маалымат жыйынын өткөрүп, президент Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенишкен.

Кеңештин мүчөлөрү саясий куугунтуктарды токтотууну, бардык саясий туткундарды абактардан бошотууну, 2020-жылдын 9-августундагы президенттик шайлоону жараксыз деп табууну жана эл аралык стандарттардын негизинде жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Резолюцияда Координациялык кеңеш өлкөнүн конституциялык түзүмүн жана тышкы саясий багытын өзгөртүүнү көздөбөй турганы айтылган.

Лукашенко кеңештин курамына бийликке нааразы болгондор, улутчулдар киргенин айтып, өлкөдө альтернативдүү органдын түзүлүшүн мыйзамсыз деп атаган.

ПРОТЕСТЫ В БЕЛАРУСИ. САМОЕ ВАЖНОЕ

Ранее действующий президент Лукашенко заявил, что Координационный совет – это "попытка захвата власти со всеми вытекающими последствиями": "Это ширма. Если заглянуть за нее, вы видите, что происходит. <...> Из бывших "прикорытников", как они их называют. Там бывшие, обиженные, которые когда-то походили во власти, и откровенно отвязанные нацисты. Посмотрите этот список".

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...