KELECHEK
rek

Орусияда полиция Навальныйды ууландырган затты тапканы айтылууда

Орусияда полиция Навальныйды ууландырган затты тапканы айтылууда

Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Иван Жданов журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, дарыгердин бөлмөсүндө отурушканда аты-жөнүн айтпаган транспорттук милиция кызматкери келип, Навальныйдын организминен кандайдыр зат табылганын айткан.

«Кандай зат экенин сурасак: «Тергөө купуялыгы, биз айта албайбыз. Бирок өлтүрө турган зат. Ал зат Алексейге эле эмес, айланасындагыларга да коркунуч туудурат. Аны курчагандардын баары коргоочу костюмчан болушу керек» дегенден башка эч нерсе айткан жок», - деди Жданов.

Ал эми саясатчынын жубайы Юлия Навальная дарыгерлер атайын убакытты чоюп жатышат деп эсептей турганын айтты:

«Биз муну Алексейдин организминдеги ал химиялык заттын жиги билинбей калышы, калдыгы жоголуп кетиши үчүн жасалып жатат деп эсептейбиз. Биз бул ооруканага ишене албайбыз».

Навальныйды алып кетиш үчүн Германиядан дарыгерлерди кошо сала келген учак Омск аэропортунда күтүп жатат. 20-августта орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эгер жардам сурап кайрылышса бийлик оппозициячыны чет өлкөгө алып кетүүгө көмөктөшөрүн билдирген.

Бл арада Омск шаарынын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Александр Мураховский комада жаткан оппозициячы Алексей Навальныйды бир орундан которууга мүмкүн эмес экенин билдирип, дарылануу үчүн чет өлкөгө алып кетүүгө уруксат берген жок. Ал анализдин жыйынтыгы чыга элек экенин, дагы эки сутка талап кылынарын белгилеп, беш түрдүү диагноз иликтенип жатканын айтты.

Владимир Путин баштаган орус бийлигинин келишпес каршылашы, анын коррупциялык иштерин, булагы белгисиз байлыгын ашкерелеген Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва аба каттамында эс-учун жоготуп жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген. Ошондон бери комадан чыга элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...