KELECHEK
rek

Кыргызстан Кытайдан карызды төлөөдө жеңилдик берүүнү сурады

Кыргызстан Кытайдан карызды төлөөдө жеңилдик берүүнү сурады

19-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда негизги темалардын бири тышкы карыз болду.

«Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди», - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Айдарбековго Кытай ТИМ башчысы кандай жооп бергени айтылган жок.

14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефондо сүйлөшүп, карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартууну сураган.

Кийинчерээк өкмөт маалымат таратып, Кыргызстан Кытай мамлекетине болгон карызынын 2020-жылдагы төлөмдөрүн токтотуп туруу боюнча макулдашканын билдирген.

Кыргызстан Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 30-июнга карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4,7 миллиард долларды түздү. Анын 86% сырткы аласа болсо, анын жарымына жакыны Кытайга туура келет.

Соңку жылдары Кытай Кыргызстандагы энергетика жана инфраструктурадагы бир катар ири долбоорлорду каржылаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38