KELECHEK
rek

Кыргызстан төрт өлкө менен авиакаттамын кайра ачууга уруксат берди

Кыргызстан төрт өлкө менен авиакаттамын кайра ачууга уруксат берди

«Манас» аэропорту. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда төрт мамлекет менен туруктуу аба каттамдарын кайра ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу 28-июлда «Азаттыкка» Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, төрт мамлекет менен 1-августтан тартып туруктуу негизде каттамдарды уюштура баштоо тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат, бирок бардыгынан эле так жооп боло элек.

«Өткөн жумада №72 протоколдук тапшырма чыккан, - деди ал. - Ошонун негизинде төрт мамлекет – Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен ачканга уруксат берилди. 1-августтан деп жатабыз, бирок алардын шартына жараша болот. Мисалы, Орусия 1-августта ача албайт окшойт. Эгер ачып калса, жакшы болот. Алар жообун бере элек. Түркия «макулбуз» дегендей жооп берди, бирок сүйлөшүү аяктай элек. Казакстан макул болот го. Астанадан жана Алматыдан бирден рейс ачып берсе «Эйр Астана» уча турган болуп жатат. Азырынча алардан так жооп жок. Эмираттардан да жооп боло элек».

Кыргызстан эл аралык туруктуу авиакаттамдарды март айында башталган эпидемияга байланыштуу убактылуу токтоткон.

Бул маселени Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечерин 23-июлда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирген.

20-марттан 22-июлга чейин жалпысынан 113 чартердик рейс менен 18 миң жүргүнчү ташылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38