KELECHEK
rek

Эрдоган үч айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады

Эрдоган үч айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады

Түркия президенти Режеп Эрдоган ѳлкѳдѳ үч айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу ал 20-июлда ѳз кабинети жана Улуттук коопсуздук Кеңеши менен жолугушууда түз эфирде айтты. Мындай чечимди мамлекет башчысы 15-июлдагы тѳңкѳрүш аракетинен кийин кабыл алды.

Буга чейин Эрдоган Al Jazeera телеканалы менен курган маегинде чет ѳлкѳлѳр тѳңкѳрүшкѳ катышуусу мүмкүн деп айтып, бирок так бир ѳлкѳнү атаган эмес. Президент тѳңкѳрүштүн артында АКШда жашаган имам Фетхуллах Гүлен турат деп билдирген.

Ошондой эле Эрдоган Түркияда демократия коркунучта турат, ал ѳзү болсо авторитардык башкаруучу болуп баратат деген кептерди четке какты. “Биз демократиялык парламенттик системада кала беребиз, андан эч качан кайтпайбыз”, - деди ал.

Ѳлкѳ башчысы билдиргендей, ал ѳлүм жазасын кайтаруу чарасын Түркиянын Европа биримдигине кирүүсүнѳ коркунуч жаратса дагы колдойт.

Бир катар ѳлкѳлѳрдүн тышкы иштер министрлери Вашингтондо, 20-июлда, тѳңкѳрүш аракетинен кийин башталган массалык репрессияларга кабатыр экенин билдирип, Түркияны мыйзамдын үстѳмдүгүн сыйлоого чакырышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52