KELECHEK
rek

Исмаилова: Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет

Исмаилова: Аскаровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилет

№47 абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгү союлуп медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгы 27-июлда чыгарын «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочунун сөзүнө караганда, Аскаров жубайы Хадича Аскаровага калтырган керээзи боюнча сөөгү Өзбекстанда жерге берилет.

«27-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине барып сүйлөшүп, Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга салабыз. Ал аялына «мен жаман болуп жатам. Эгерде өлүп калсам балдарым сөөгүмдү Өзбекстанда жерге берсин» деп айткан сөздөрү бар», - деди Исмаилова.

Ал Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу кыргыз өкмөтү менен соттошо турганын, Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыбы далилденбеген дагы бир топ адамдар камалып отурганын кошумчалады.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Аскаровго алдын ала «оң тараптуу пневмония» деген диагноз коюлганын кабарлаган.

Анын өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган билдирүүлөрдү таратты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13