KELECHEK
rek

Өкмөт ишкерлерди колдоого 4,2 млрд. сом бөлдү

Өкмөт ишкерлерди колдоого 4,2 млрд. сом бөлдү

«Ишкерлик субъекттерди каржылоо» программасын ишке ашыруу үчүн өкмөт коммерциялык банктарга 4,2 млрд. сом бөлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Мунун 2,2 млрд. сому Финансы министрлигинен жана 2 млрд. сому Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу берилди.

Көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу учурунда ишкердик субъекттерди колдоого багытталган.

Бул каражаттын алкагындагы 1,4 млрд. сомдук кезектеги траншты Финансы министрлиги 2020-жылдын 20-июлунда 8 коммерциялык банкка берди.

Алар:

  • «Айыл Банк» ААК – 350 млн. сом;
  • «РСК Банк» ААК – 350 млн. сом;
  • «Бакай Банк» ААК – 210 млн. сом;
  • «Оптима Банк» ААК – 200 млн. сом;
  • «Кыргызстан Коммерциялык Банкы» – 120 млн. сом;
  • «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖЧК – 120 млн. сом;
  • «Банк Бай Түшүм» ААК – 30 млн. сом;
  • «Финанскредитбанк» ААК – 25 млн. сом;

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктар үчүн жалпы суммасы 840 млн. сомго эки аукцион өткөргөн, анын жыйынтыгы боюнча 6 коммерциялык банк ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө үчүн каражаттарды алышты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир катар бизнес ассоциациялар ишкерлерге жетиштүү финансылык колдоо болбой келатканын, каралган каражаттар калыс бөлүштүрүлбөй жатканын айтып келатышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38