KELECHEK
rek

Жалал-Абад: Облус аймагындагы ооруканаларда 600гө жакын кычкылтек концентраторлору бар

Жалал-Абад: Облус аймагындагы ооруканаларда 600гө жакын кычкылтек концентраторлору бар

Үстүбүздөгү жылдын март айына карата Жалал-Абад облусунун аймагындагы медициналык мекемелерде жалпы 260 даана кычкылтек концентраторлору болсо, азыркы учурда алардын саны 596га жетти.

Тургундардын өмүрүн сактоодо камсыздалган бул зарыл каражаттарды сатып алууга  демөөрчүлөрдүн жана абалга кайдыгер карабаган жеке ишкерлердин салымы чоң болууда.

Алсак, 159 даана жеке ишкерлердин, 11 даана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, 53 Саламаттыкты сактоо министрлиги, 3 даана “Жалалабатэлектро” ААК, 15и республикалык бюджеттин эсебинен, 7 тоо кен компаниясы, 3 даана “Мегаком” компаниясынын  колдоосу менен алынган.

Азыркы учурда облустун район-шаарларындагы ооруканаларга алынган кычкылтек концентраторлорунун саны:

-Аксы району - 90;

-Ала-Бука району - 35;

-Базар-Коргон району - 61;

-Ноокен району - 81;

-Сузак району - 85;

-Тогуз-Торо району - 27;

-Токтогул району - 27;

-Чаткал району - 28;

-Кара-Көл шаары - 13;

-Майлуу-Суу шаары - 15;

-Таш-Көмүр шаары - 24.

-Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканасында 100, ал эми шаарда ачылган күндүзгү стационарларда 10 даана кислороддук концентраторлор иштөөдө.

Аймакта оорунун жайылуу коркунучун алдын алуу менен керектүү каражаттарды камсыздоо аракеттери тынымсыз улантылып жатат. Белгилей кетсек, азыркы мезгилде Жалал-Абад облусунда коронавирус илдетине жалпы 904 адам кабылды.

Жалал-Абад облусунун аймактарында жалпы 141 күндүзгү стационарлар ачылган болсо, аларда 2 миң 298 керебет бар. Бүгүнкү күнгө чейин 18 миң 922 бейтап кайрылган. Ал эми аталган жайлар акыркы суткада 1595 кишини кабыл алды. Учурда оор абалдагы бейтаптардын саны  25. Илдеттен жалпы 87 адам каза болду.

Андыктан ооруунун таралуу кооптуулугу дагы да сакталып жаткандыктан, тургундарды белгиленген санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз! 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38