KELECHEK
rek

Пневмония болгондор быйыл былтыркыга караганда эки эсе көп

Пневмония болгондор быйыл былтыркыга караганда эки эсе көп

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл пневмониядан каза болгондор былтыркыга караганда дээрлик эки эсе көп. Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айнура Акматова 10-июлда Коронавируска каршы ыкчам штабдын онлайн брифингинде билдиргендей, былтыр жылдын алгачкы алты айында бул илдеттен 318 бейтап кайтыш болгон.

Быйыл коронавирус эпидемиясы башталган 3,5 айдан бери пневмониядан көз жумгандардын саны 10-июлга карата 350 адам болду.

Эпидемия башталганын бийлик март айынын соңунда жарыялаган. Ошондон бери пневмония деген диагноз 3829 адамга коюлду. Канча бейтап айыгып чыкканы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Коронавирус жалпысынан 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустун статистикасын өз-өзүнчө карап келатат.

Июнь айынын соңунда Бишкекте ооруканада орун жок болгондуктан деми кысылып жаткандардын айрымдары реанимацияга жетпей, клиниканын кире беришинде каза болушкан.

"Азаттык"  үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38