KELECHEK
rek

"Абайлагыла, беткап кийгиле!" деп ооруканадан видео тараткан милиционер көз жумду

Бишкекте ооруканада жатып "Абайлагыла, бет кап кийгиле!" деп чөнтөк телефонуна жаздырган видеосу интернетте тараган адам 29-июнга караган түнү Улуттук госпиталда каза болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" Бишкектин Ички иштер башкармалыгы тастыктап, ал адам Ленин райондук Криминалдык милициясынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов экенин билдирди:

"Болжолдуу маалымат боюнча, анын өлүмүнө пневмония оорусу себеп болгон. Элакунов Бердибай Билдебаевич 1983-жылы төрөлгөн. Ал 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын окуп бүтүргөн. 2010-жылдын январь айынан баштап ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2019-жылы 29-майда Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болгон".

Бир нече күн мурда социалдык түйүндөрдө атайын аппарат коюлуп, керебетте жаткан адамдын энтигип, араң сүйлөгөн видеосу тараган. Ал “Бул коркунучтуу оору экен. Бет кап кийгиле. Бул жакта, Улуттук госпиталда адам толуп кетиптир. Канчасын албай жатат. “Тез жардам” кайра-кайра ташып жатат" деген.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгенде социалдык түйүндөрдө "Коронавирус жок" деген маалымат көп тараган жана мындай пикирдегилер дале көп.

Коронавирусту так аныктоо мүмкүн болбой жаткандыктан 29-июндан тартып Саламаттык сактоо министрлиги пневмония болгондорду да COVID-19 үчүн ачылган жайларга кабыл ала баштады.

Буга чейин өлкөнүн башкы пульмонологу азыр пневмония болуп жаткандардын баары коронавирус экенин айткан.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38