KELECHEK
rek

Өкмөт: Дарыгерлердин шайы ооду, жаңы резерв топтошубуз керек

Өкмөт: Дарыгерлердин шайы ооду, жаңы резерв топтошубуз керек

Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыгерлердин күнү-түнү шайы кеткиче иштеп, ооруга өзүлөрү да көп чалдыга баштаганы жалпы саламаттык сактоо системасынын ишине залакасын тийгизүүдө. Бул тууралуу 26-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүп, аларды окутуу эң башкы маселелердин бири болуп жатканын айтты. Тез арада медициналык окуу жайында иштегендерден, ординатурада, интернатурада окуп жаткандардан медицина адистерин даярдоо милдети коюлду. Мындай иш Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Кубатбек Боронов «Саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилинде оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү» деди.

Жалпысынан 26-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 669 медицина кызматкерине жукту. Алардын 403ү айыгып, ооруканадан чыккан, экөө кайтыш болгон.

Өкмөт вирус жуккандар менен иштөөгө мажбур болгон медицина кызматкерлерине айлыгына кошумча акы төлөп берүүнү убада кылган. Март, апрель жана май айлары үчүн кошумча маяна элден чогулган акчанын эсебинен төлөндү. Акчаны бөлүштүрүү комиссиясы соңку жыйынында эсепте калган 4,5 миллион сомдун баарын ооруканаларга медициналык жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшоо тууралуу чечим кабыл алган.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилет.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38