KELECHEK
rek

Путин пандемия маалында Москвада парад өткөрдү

Путин пандемия маалында Москвада парад өткөрдү

Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өттү.

Экинчи дүйнөлүк согушта нацистик Германиянын жеңилишине арналган аскер парады жыл сайын салттуу түрдө 9-майда өткөрүлүп келген. Быйыл Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу анын датасын жылдырууга аргасыз болгон.

Бул иш-чара 1-июлга белгиленген референдумдун алдында өтүүдө. Конституцияга киргизилген толуктоолор колдоо тапса, Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат.

Москванын мэри Сергей Собянин буга чейин шаар тургундарын үйлөрүндө болуп, парадды теле аркылуу көрүүнү сунуштаган.

Орусиядагы бир нече шаар жетекчилери да парад өткөрүүгө камынып, бирок кийинчерээк бул чечимдеринен баш тартып же аны көрүүчүлөрсүз уюштурууну чечишкенин жарыялашкан.

Быйыл парадга Франция, Чехия, Хорватия жана Кытай президенттери катышууну пландаган. Пандемияга байланыштуу парад 9-майдан 24-июнга жылдырылгандан кийин алар сапардан баш тартышты. Ушул тапта ага Беларус, Казакстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери катышты. Москвага Эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери жана Босния менен Герцеговинанын жамааттык президиумунун мүчөсү Милорад Додик да келди.

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков аны Москвага коштоп барган делегация мүчөлөрүнөн вирус аныкталгандан кийин парадга катышкан жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52