KELECHEK
rek

Тажикстанда бейтаптын өлүмүнөн кийин дарыгер катуу сабалды

Тажикстанда бейтаптын өлүмүнөн кийин дарыгер катуу сабалды

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын Турсунзаде шаарындагы инфекциялык ооруканада пневмония менен жабыркаган бейтап каза болгондон кийин дарыгерлердин бири катуу сабалды.

Жабыркаган дарыгер Ёкуб Дадажоновдун айтымында, 21-июнга оогон түнү улгайган бейтаптын көз жумганы белгилүү болору менен ага эки киши кол салган.

«Каза болгон адамга ким болорун билбейм, балдары же туугандары болушу мүмкүн. Алар дароо эле мага кол салышты. Башыма катуу сокку жегенимди билем, калганы эсимде жок. Кесиптештерим дароо реанимацияга жеткирилгенимди айтышты. Азыр нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатам», — деди дарыгер.

Маалыматка караганда, кол салуудан медайым менен санитарка да түрдүү жаракаттарды алышкан. Турсунзаде шаарындагы бул ооруканада апрелден бери пневмония жана СOVID-19 менен ооруган бейтаптар дарыланып келет.

Шаардык укук коргоо органдарындагы өз булактын айтымында, медицина кызматкерлерине кол салуу фактысы боюнча болжолдуу тергөө иштери башталды. Кол салгандардын бирөө маркумдун уулу экени, дарыгерден кечирим сураганы айтылууда. Экинчисинин тек-жайы аныкталууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...