KELECHEK
rek

Ала качууга каршы онлайн оюн иштелип чыкты

Ала качууга каршы онлайн оюн иштелип чыкты

Кыргызстанда ала качууга каршы алгачкы онлайн оюн иштелип чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна долбоордун демилгечиси – «Айкын багыт» коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, чөнтөк телефонго жүктөлүп алынчу “Жазгы Бишкек” деп аталган бул оюн сериал түрүндө жасалган. Ойноочу адам сериалдын башкы каарманы болот. Ал Бишкекте окуган студент кыз. Анын курбу кызын ала качып кетишет. Оюндун жүрүшүндө баш каарманга дос кызын же куткарып чыгууга, же аралашпай коюуга мүмкүнчүлүк берилип, окуя ошого жараша жыйынтыкталат.

Анимациялык комикс түрүндө тартылган оюнду ар бир каалоочу телефонуна жүктөп алса болот.

Авторлорунун бири, UX-адис Ирина Леу билдиргендей, оюнчу окуянын каарманы боло алган “интерактивдүү окуя” жанры азыр популярдуу болуп жатат. Анткени ар бир адам каармандын ордунда болуп, анын сезимдерин, эмоцияларын, мамилелерин сезип, чечим кабыл алып, окуянын жүрүшүнө таасир эте алат.

Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган “Жазгы Бишкек” оюнунун сценарийи ала качууга дуушар болгон кыздардын чыныгы окуясынын негизинде жазылды. Жалпысынан бул интерактивдүү “китеп” 11 бөлүмдөн турат. Азырынча үчөө даяр болду, калгандары сериал түрүндө улам жарыяланып турат.

Долбоорду ишке ашырууга ондогон активисттер жана чет өлкөлүк эксперттер катышып, каржылык колдоону Sigrid Rausing Trust, Soros Kyrgyzstan фонддору, Европа Биримдиги жана БУУ көрсөттү.

Кыргызстанда 2013-жылкы мыйзамга ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат. Бирок, укук коргоочулардын белгилешинче, бул маселе көйгөйлүү бойдон калууда. Жаңы түзүлгөн үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде куралган өлкөдө мунун курмандыгы болгон кыздардын милицияга кайрылуусу өтө сейрек.

2017-жылы 31 кылмыш иши козголгон (алты учур бойго жете элек кызды ала качуу), муну адистер чыныгы көрсөткүч эмес деп эсептешет.

Иштер тергелип, сотко жеткен күндө да алардын 80% каралбай калат. 2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53