KELECHEK
rek

Кой-Таш окуясы боюнча Кундуз Жолдубаевага жети берене менен айып тагылды

Кой-Таш окуясы боюнча Кундуз Жолдубаевага жети берене менен айып тагылды

Кундуз Жолдубаева.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-июнда уланган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага прокурорлор жети берене менен айып тагышты. Бул тууралуу Жолдубаева өзү билдирип, аны абсурд деп атады.

Жолдубаева бийликти күч менен басып алууга, барымтага алууну, массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштык аракеттерге айыпталууда.

«Прокурорлордун ушундай абсурд айыптоосу – өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлөлүк-кландык режим бийлигин жоготуп алуудан коркуп жатканын далилдейт. Кой-Таш окуясы бийликти сындаган кишилерди башкаларга көрсөтүү менен камчылап коюу болуп калды. Бүгүн соттук отурумда мага коюлган бардык айыптар - абсурд»,- деп айтылат Кундуз Жолдубаеванын кайрылуусунда.

Биринчи май райондук сотунун 22-июндагы отурумунда соттолуучуларга айыптарын угузуу уланды. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысы менен тааныштырууну 15-июндагы сот отурумунда баштаган.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши февралда сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту 3-марттан бери карап жатат.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде коррупцияга айыпталууда. Атамбаевдин тарапташтары мындай дооматтарды бийликтин куугунтугу катары баалап келатышат. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53