KELECHEK
rek

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоп добуш беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди.

Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди.

Башка вице-премьер-министрлер вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.

Жыйында Боронов мурдагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтып, баяндама жасады. Депутаттарда жалпы суроолор берип, сын-пикирлер көп болгон жок.

Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды.

Наталья Никитенко: Мени сиздин Абылгазиевдин өкмөтүнүн иштөө курсун улантам дегениңиз кооптонтуп жатат. Врачтарга, милицияларга кошумча төлөмдү бербеген өкмөттүн курсун улантып кереги жок. Криминалды, коррупцияны тыя албаган курстун кереги жок. Суранам, аны улантпаңыз. Азыр техникалык өкмөт экениңизди, шайлоого камынып жатканыңызды моюнга алып атасыз. Шайлоого даярдануу Боршайкомдун иши.

Депутаттын бул сөзүнө Кубатбек Боронов өкмөттүн ишинде жетишкендиктер болгонун да айтып жооп кайтарды.

​Жаңы өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү маселесин караган Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбековдун ортосунда кайым айтышуу болду.

Депутат Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүнү чектеп, жыйынды түшкө чейин жыйынтыктоону сунуш кылды. Ал башка эл өкүлдөрү ушул маселени айтууну андан суранып жатканын айтты. Буга дагы бир депутат Рыскелди Момбеков нааразылык билдирди.

«Урматтуу кесиптештер! Ушундайды токтотпойлубу?! Камчыбек байке, сизден ким суранды айтып коюңузчу. Кышында бир жолу жалпы парламентти уят кылдыңыз. «Балдарыбыз үшүп жатат, жыйынды аяктайлы» деп, азыр эмне балдарыңыз ысып атабы? Эми мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер. Качанга чейин ушинтесиңер? Ким айтты, айтсын өздөрү алардын деле ооздору бар. Сизден эч ким суранган жок. Токтотуңуз, кошомат кылганды!»,- деди Рыскелди Момбеков.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12