KELECHEK
rek

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары чек арадагы абалды талкуулады

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары чек арадагы абалды талкуулады

8-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков телефон аркылуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) башчысы Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүп, чек арадагы өткөрмө бекеттер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсүнө байланышкан кырдаалды талкуулашты.

Кыргызстан ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чек арадагы «Ак-Тилек» (Кыргызстан) – «Карасу» (Казакстан) жана «Чоң-Капка» (Кыргызстан) – «Айша-Биби» (Казакстан) өткөрмө бекеттериндеги тоскоолдуктарды жоюу зарыл деген тыянакка келишти.

Ошол эле маалда кыргыз тарап Казакстанды Евразия экономикалык биримдигинин нормаларын сактоого чакырды.

Сүйлөшүүнүн соңунда ТИМ башчылары ортодогу маселелерди профилдик органдардын линиясы аркылуу эки тараптуу негизде ыкчам чечүүнү макулдашты.

4-июнда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38