KELECHEK
rek

Пентагон башчысы нааразылыктарды токтотуу үчүн армияны колдонууга каршы экенин билдирди

Пентагон башчысы нааразылыктарды токтотуу үчүн армияны колдонууга каршы экенин билдирди

АКШнын коргоо министри Марк Эспер өлкөдө бир жумадан бери уланып жаткан башаламандыктарды токтотуу үчүн армияны тартууга каршы экенин билдирди.

Эспердин айтымында, президентке армияны тартууга укук берген 1807-жылы кабыл алынган мыйзам өтө кооптуу, оор учурларда гана колдонулат. Коргоо министри азыр андай учур эмес экенин айтып, башаламандыктарды токтотуу үчүн Улуттук гвардияны пайдалануу туура болорун кошумчалады.

АКШдагы башаламандыктарга полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойдун өлүмү себеп болгон. Буга чейин Трамп башаламандык, талоончулук менен коштолуп жаткан акция катышуучуларын таратуу үчүн армияны колдонуу ниетин билдирген.

Трамптын бул демилгесине Пентагондун бир нече мурдагы жетекчилери да каршы экенин айтышкан.

Шаршемби күнү кечинде Трамп мурдагы оюнан кайтып, өлкө ичиндеги нааразылыктарды токтотуу үчүн армияны колдонууну зарыл деп эсептебей турганын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52