KELECHEK
rek

Фергана облусунун башчысы Сохтогу “чырлуу” кыштакты картадан чийип саларын айтты

Фергана облусунун башчысы Сохтогу “чырлуу” кыштакты картадан чийип саларын айтты

Социалдык түйүндөрдө Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин үнүнө окшогон киши Сох районунун жашоочулары менен өткөн жолугушууда “чек араны жаап, чырлуу кыштакты картадан чийип салам” деп опузалаган аудиожазуу тарады.

Фергана облустук акимчилиги бул аудиожазуу боюнча комментарий бере элек.

Аудиожазууда Шухрат Ганиевдин үнүнө окшогон киши жергиликтүү 74 жашоочуну түрмөгө камап, “чырлуу кыштакты” картадан чийип, бүтүндөй Сох районун камсыздоосуз калтырарын айткан:

– Ферганага 74 кишини ала кетейинби же жокпу?.. Эгер ушундай окуя дагы бир жолу кайталанса, мен мындан ары бул жакка келбейм... Ленбургдан (Сох анклавындагы өзбек айылы) ким келди? Биз аны Сох районунун картасынан чийип, камсыздоосуз калтырабыз! Силер бул жерде бизге маселе жаратуу үчүн отурасыңарбы?! Азыр 74 жигитти түрмөгө камап коебуз, ошону каалайсыңарбы?

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлаган.

Жаңжалга байланыштуу Сохко Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзү келип кеткен жана ал Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолуккан. Аймактагы абалды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Ушул аптанын аягына чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна барары айтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53