KELECHEK
rek

Парламенттик шайлоону жылдыруу же үгүт формасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү

Парламенттик шайлоону жылдыруу же үгүт формасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү

Депутат Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдырууну же үгүт иштеринин форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.

"Мурдагыдай форматта үгүт иштерин жүргүзүп, концерт, той уюштурсак, бир топ коркунучтар бар. Коронавирус азайбай жатат. Күчөп кетсе бир топ суроолор жаралат. Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек. Же үгүттү башкача жүргүзүүгө мажбур болобуз. Шайлоонун мөөнөтүн жылдырсак бир катар суроолор чыгат, саясий оюндар да болушу мүмкүн. Жаңы форматта, онлайн режимде үгүт кылсак болот. Ошондуктан бир чечимге келүүгө тийишпиз. Шайлоого аз эле убакыт калды".

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Спутник" сайтына берген интервьюсунда эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген.

Мурда пандемиядан улам жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу Кыргызстандагы 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө жылган.

26-июндан 6-июлга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышы тууралуу президенттин жарлыгы чыгышы керек. Конституцияга ылайык Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24