KELECHEK
rek

Чет өлкөдө окуган тажик студенттери ТБАО ооруканаларына медициналык жабдуу сатып беришет

Чет өлкөдө окуган тажик студенттери ТБАО ооруканаларына медициналык жабдуу сатып беришет

Улуу Британияда, Францияда жана Канадада окуган тажикстандык студенттер Тоолуу Бадахшан автоном облусу (ТБАО) үчүн кычкылтек өндүрүүчү генератор (PSA) сатып берүүнү пландап жатышат.

100 миң долларлык аппаратка каражат топтоо үчүн бадахшандык сегиз кыз Латвиянын «Барака» тобунун онлайн кайрымдуулук концертин уюштурушат.

Париждеги Сонбонна университетинин бүтүрүүчүсү Беназир Мизробованын айтымында, кыздар алгач пандемиядан жабыркаган тажикстандыктарга жардам берүү үчүн «GoFundMe» аянтчасында акция баштап, 18 199 канада долларын топтошкон.

Бул жолу алар тажик калкына жардам берүүгө макул болгон белгилүү «Барака» тобунун кайрымдуулук концертин уюштурууну чечишкен. Топтолгон каражат Хорог шаарындагы жана Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы айылдык ооруканаларга өз учурунда кычкылтек жеткирүү үчүн генератор сатып алууга жумшалат.

Концертти YouTube сервиси аркылуу көрсөтүү пландалууда. Онлайн иш-чара үчүн билеттердин белгиленген баасы жок.

Ушу тапта «Барака» тобунун концертин качан жана кайсыл жерде өткөрүү маселеси талкууланууда. Болжолдуу дата катары 10-20-июнь аталып, Лондон убактысы боюнча 16:00дө баштоо пландалууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30