KELECHEK
rek

Британияда Азербайжандын мурдагы коопсуздук министринин балдарынын кымбат мүлкү табылды

Британияда Азербайжандын мурдагы коопсуздук министринин балдарынын кымбат мүлкү табылды

"Азаттык" иликтөөчү журналисттер Азербайжандын мурдагы улуттук коопсуздук министри Элдар Махмудовдун балдарынын Британияда бир топ кымбат баалуу үйлөрү бар экенин аныктап чыгышканын жазды. Алардын арасында Лондондо баасы 21 миллион долларды чапчыган турак жай да бар.

Былтыр Кайман аралдарындагы "Cayman National Bank" банкынын сайтына хакердик чабуул болуп, анын айынан кардарлардын жеке маалыматтары Интернетке жарыяланып кеткен. Анда Махмудовдордун наркы 111 миллион доллар деп бааланган бизнеси, мүлкү бар экенин ачыкка чыккан.

"OCCRP" (Organized Crime and Corruption Reporting Project) "Transparency International" жана "Finance Uncovered" уюмдары биргелешип даярдаган иликтөөдө турак жайлардын баары экс-министрдин 36 жаштагы уулу Анарга жана 31 жаштагы кызы Наргизге тиешеси бар компаниялар аркылуу сатылып алынганы аныкталган. Ошондой эле Махмудовдордун Испанияда, Люксембургда жана Литвада да кыймылсыз мүлкү бар экени белгилүү болгон.

Ага-карындаштар ата-бабасы илгертен эле колунда бар адамдар болгонун айтып, өздөрү дагы мыкты ишкер экенин белгилешип, атасы мамлпекеттик жогорку кызматта турганда мыйзамсыз байыган деген дооматтарды жокко чыгарып жатышат.

2018-жылы Анар Махмудовдун Лондондо жашаган кайненеси, Азербайжандагы Эл аралык банктын мурдагы башчысынын аялы Замира Хажиева кымбат зер буюмдар, атырлар сатылганган "Harrods" дүкөнүндө 10 жылдын ичинде 21 миллион доллар короткону белгилүү болгон. Ошол жылы Британияда күмөндүү байлык кайдан келгенин, шектүү турак жай кайсы акчага сатылып алынганын териштирүүгө жол ачкан жаңы мыйзам иштей баштаган жана ал эң алгачкы жолу Замира Хажиевага колдонулган. Хажиева ушул жылдын башында буга мүлкүнүн таржымалын тактаган кылмыш ишинде акыркы соттук инстанцияда утулуп калган.

Президент Илхам Алиев 2004-жылдын бери улуттук коопсуздук министри болуп иштеп жүргөн, ошол убактагы эң кубаттуу жана таасирлүү өкмөт мүчөсүнүн бири болгон Элдар Махмудовду 2015-жылы кызматтан алган жана анын себеби ачык айтылган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52